Акыркы жаңылыктар

20260625
Жаңылыктар

2026-жылдын 25-июнунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясында айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары жана Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси менен жыйын өткөрүлдү

Күн тартибинде каралган маселелерге ылайык:    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы №807 токтомунун талаптарын аткаруу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, административдик тоскоолдуктарды кыскартуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, натыйжалуулугун жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды күчөтүү тапшырылды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 токтомунун талаптарына ылайык муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө бекитилген базалык реестрдин талаптарын так сактоо, кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамдарга ылайык уюштуруу жана алардын сапатына туруктуу мониторинг жүргүзүү милдеттендирилди.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы №362 токтомунун талаптарын аткаруу максатында кызматкерлер арасында кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, аны өз убагында аныктоо жана мыйзам талаптарына ылайык жөнгө салуу боюнча түшүндүрүү иштерин системалуу жүргүзүү, ошондой эле кызматкерлер тарабынан тиешелүү декларациялоо жана маалымдоо милдеттеринин аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылды.   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этика кодексинин талаптарын так сактоо, кызматтык этиканын принциптерин бекем кармануу, жарандар менен иш алып барууда кесипкөйлүктү, мыйзамдуулукту, сылык-сыпаалыкты жана жоопкерчиликти камсыз кылуу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү милдеттендирилди.

WhatsApp Image 2026 04 27 at 14.34.46 (4)
Жаңылыктар

“Чернобыль апаатынын 40 жылдыгына” карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү

Бүгүн, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы “Жеңиш” паркында “Чернобыль апаатынын 40 жылдыгына” карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.А. Жантороев, акимдин орун басары А.С. Сансызбаева, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле Чернобыль апаатынын катышуучулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышышты. Эскерүү иш-чарасында гүлчамбарлар коюлуп, радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине катышып мезгилсиз дүйнөдөн кайткан эр азаматтардын жаркын элесине куран окулду. Иш-чаранын 2-бөлүгү Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында улантылып, катышуучуларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө концерттик программа тартууланып, ыраазычылык катар тапшырылып, материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Бардык жаңылыктар

Толугураак

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар айыл чарба багытындагы жерлер, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, майыптуулугу бар жарандарды санаторийдик-курорттук дарыланууга жолдомо менен камсыз кылуу жана башка социалдык-тиричилик маселелери боюнча кайрылышты. Ар бир кайрылуу өзүнчө каралып, көтөрүлгөн маселелерди колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык өз убагында чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү. Район башчысы – аким жарандардын ар бир кайрылуусу дыкат каралышы керектигин белгилеп, көтөрүлгөн маселелер мыйзам чегинде ыкчам жана натыйжалуу чечилиши зарылдыгын баса көрсөттү. Ошондой эле калк менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, алардын көйгөйлөрүнө өз убагында жооп кайтаруу мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири экенин билдирди. Көчмө жеке кабыл алуулар жергиликтүү тургундар менен түз байланыш түзүүгө, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн жеринде угууга, ошондой эле актуалдуу маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.

Толугураак

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар жер, билим берүү маселелери, таза суу менен камсыз кылуу, ички жолдорду оңдоо, электр энергиясы жана башка турмуштук мааниге ээ болгон көйгөйлөр боюнча кайрылышты. Ар бир кайрылуу кылдат каралып, көтөрүлгөн маселелерди мыйзамдын талаптарына ылайык өз мөөнөтүндө чечүү боюнча тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмалар берилди. Район башчысы-аким жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл бурулуп, ар бир маселеге мыйзамдын негизинде так жана өз убагында чара көрүлүшү зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле эл менен тыгыз иш алып баруу жана алардын көйгөйлөрүнө ыкчам жооп кайтаруу мамлекеттик органдардын негизги багыттарынын бири экенин айтты. Көчмө жеке кабыл алуулар калк менен түз байланыш түзүүгө, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн жеринде угууга, ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп эсептелет

Толугураак

Сузак райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин Сузак районунун айыл аймактарына жана Көк-Жаңгак шаарына жасаган иш сапарынын жыйынтыгында түзүлгөн иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча 2026-жылдын 4-августунда жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө иш-чаралар планына киргизилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына конкреттүү милдеттер жүктөлдү жана иш-чаралар планынын ар бир пунктунун өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо боюнча жетекчилерге көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Жыйындын жыйынтыгында иш-чаралар планында белгиленген милдеттерди өз мөөнөтүндө аткаруу, көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан иш-чаралар планынын аткарылышы туруктуу көзөмөлгө алынып, белгиленген милдеттердин сапаттуу жана өз убагында ишке ашырылышы боюнча иштер улантылат.

Толугураак

2026-жылдын 30-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар милдеттер белгиленди Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жана коррупциянын алдын алуу багытындагы иштер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Аталган тапшырмаларга ылайык, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына төмөнкү негизги багыттар боюнча иштерди күчөтүү милдеттендирилди: Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Этика кодексинин талаптарын кызматкерлерге үзгүлтүксүз түшүндүрүү; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-майындагы “Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” № 181 Жарлыгын аткарууга алуу; кызматтык маалыматтарды жана жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоо талаптарын так сактоо, кызматтык маалыматтарды расмий эмес интернет-ресурстарга жайгаштырууга жол бербөө; мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маалыматтарды расмий веб-сайттар жана расмий социалдык баракчалар аркылуу гана жарыялоо; жарандардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун камсыз кылуу жана персоналдык маалыматтарды мыйзамсыз жайылтууга жол бербөө; кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, жаңы дайындалган кызматкерлер тарабынан декларацияларды өз убагында толтурууну камсыз кылуу; мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык этикасын, жүрүм-турум маданиятын жана коомчулук менен иш алып баруу жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүү; документ жүгүртүүнү «Инфодокс» электрондук тутуму аркылуу өз убагында жүргүзүү жана аткаруучулук тартипти күчөтүү; коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын негизинде натыйжалуу алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуу; жарандардын кайрылууларын жеринде кароо, көйгөйлөрдү ыкчам чечүү жана көчмө кабыл алууларды уюштуруу; мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары, расмий сайттар жана социалдык тармактар аркылуу үзгүлтүксүз жеткирүү; айыл өкмөттөрүнүн административдик имараттарына Face ID системасын белгиленген мөөнөттө орнотуу; расмий веб-сайттардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана маалыматтарды өз убагында жаңыртып туруу; коррупциянын алдын алуу, этика комиссияларынын ишмердүүлүгү жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтарды коомчулукка ачык жарыялап туруу; мамлекеттик буюртманын алкагындагы окууларга, квалификацияны жогорулатуу курстарына жана семинарларга кызматкерлердин өз убагында катышуусун камсыз кылуу; «Санарип аймак» маалыматтык системасынын «ЖӨБ паспорту», «ЕРМИ» жана «ИЖС» модулдарындагы маалыматтарды толуктап, алардын актуалдуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу. Белгиленген бардык тапшырмалардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилигине жүктөлдү.

Толугураак

2026-жылдын 31-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович тарабынан жарандарды кабыл алуу күнү өткөрүлүп, С.Атабеков айыл аймагынын Мундуз айылынын тургуну Ж. Ормонованын жер маселеси боюнча кайрылуусунун негизинде жаранды жеке кабыл алды. Жолугушууга С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы, анын орун басары жана тиешелүү адистер катышып, кайрылууда көтөрүлгөн «Боор-Таш» аймагындагы мамлекеттик фонддун жер тилкеси боюнча маселе кеңири талкууланды. Кайрылууну кароонун жыйынтыгында, аталган жер тилкеси аукцион өткөрүлгөнгө чейин бош калбашы жана эгин айдалбай калбашы үчүн айыл тургундарына бир жылдык убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга берилгени түшүндүрүлдү. Ошондой эле Мундуз жана Ширин айылдарындагы мамлекеттик фонддун жерлерин тактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын иши ушул жылдын күзүндө түшүм жыйноо аяктагандан кийин улантылары белгиленди. Тактоо иштери бүткөн соң жер тилкелери мыйзам талаптарына ылайык ачык электрондук аукционго коюлары маалымдалды. Жыйындын соңунда район акими С.Атабеков айыл өкмөтүнө мамлекеттик фонддун жерлерин толук тактоо, электрондук каттоого алуу жана мыйзам талаптарына ылайык пайдаланууну камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Мындан тышкары, комиссиянын ишинде жаралган маселелер боюнча райондук мамлекеттик администрация тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү белгиленди. Аталган кайрылуунун аткарылышы жана кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жеке көзөмөлүнө алынды.

Толугураак

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген