Сузак райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин Сузак районунун айыл аймактарына жана Көк-Жаңгак шаарына жасаган иш сапарынын жыйынтыгында түзүлгөн иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча 2026-жылдын 4-августунда жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө иш-чаралар планына киргизилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына конкреттүү милдеттер жүктөлдү жана иш-чаралар планынын ар бир пунктунун өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо боюнча жетекчилерге көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.
Жыйындын жыйынтыгында иш-чаралар планында белгиленген милдеттерди өз мөөнөтүндө аткаруу, көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан иш-чаралар планынын аткарылышы туруктуу көзөмөлгө алынып, белгиленген милдеттердин сапаттуу жана өз убагында ишке ашырылышы боюнча иштер улантылат.


