Акыркы жаңылыктар

IMG 20260903 WA0121
Жаңылыктар

Сузак районунда узак убакыттан бери чечилбей келген көйгөйлүү маселелер тиешелүү комиссиянын отурумунда талкууланды.

IMG 20260902 WA0056
Жаңылыктар

Сузак районунда көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлүү маселелер комиссияда каралды

2026-жылдын 2-сентябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын конференция залында район тургундарынын көп жылдан бери чечилбей келе жаткан жана айрым учурларда чыр-чатакка айланган көйгөйлүү маселелерин мыйзам чегинде кароо максатында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 21-июлундагы №198-т тескемеси менен түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте маселелерди мыйзам чегинде чечүүнүн жолдорун аныктоо, ошондой эле көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөрдү жөнгө салуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү. Жумушчу топтун иши Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 30-июнундагы көчмө кеңешменин №31-8723 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук коргоо, коопсуздук, прокуратура жана сот органдары менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин 2026-жылдын 27-июлунда өткөргөн жыйынынын 28-июлдагы №44 протоколдук тапшырмаларын аткарууга багытталган. Мындан тышкары, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-майындагы №181 «Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын талаптарын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү. Отурумдун жүрүшүндө 8 арыз каралып, жарандардын кайрылууларында көтөрүлгөн маселелер тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланып, ар бир көйгөй боюнча мыйзам талаптарына ылайык чечүү жолдорун аныктоо, жооптуу мекемелерди белгилөө жана аткаруу мөөнөттөрүн көзөмөлгө алуу маселелери каралды. Сузак райондук мамлекеттик администрациясы мындан ары да жарандардын кайрылууларын өз убагында кароого, көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө жана мамлекеттик органдардын калк менен натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылууга багытталган иштерди улантат.

WhatsApp Image 2026 08 28 at 16.26.28
Жаңылыктар

Сузак районунда азык-түлүк жарманкеси уюштурулду

IMG 20260818 WA0016
Жаңылыктар

Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович 2026-жылдын 18-августунда Кыз-Көл айыл аймагынын тургундарын көчмө жеке кабыл алды

IMG 20260805 WA0044
Жаңылыктар

Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович 2026-жылдын 5-августунда Көк-Арт айыл аймагынын тургундарын көчмө жеке кабыл алды

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар айыл чарба багытындагы жерлер, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, майыптуулугу бар жарандарды санаторийдик-курорттук дарыланууга жолдомо менен камсыз кылуу жана башка социалдык-тиричилик маселелери боюнча кайрылышты. Ар бир кайрылуу өзүнчө каралып, көтөрүлгөн маселелерди колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык өз убагында чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү. Район башчысы – аким жарандардын ар бир кайрылуусу дыкат каралышы керектигин белгилеп, көтөрүлгөн маселелер мыйзам чегинде ыкчам жана натыйжалуу чечилиши зарылдыгын баса көрсөттү. Ошондой эле калк менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, алардын көйгөйлөрүнө өз убагында жооп кайтаруу мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири экенин билдирди. Көчмө жеке кабыл алуулар жергиликтүү тургундар менен түз байланыш түзүүгө, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн жеринде угууга, ошондой эле актуалдуу маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.

IMG 20260804 WA0080
Жаңылыктар

Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович 2026-жылдын 4-августунда Кара-Дарыя айыл аймагынын тургундарын көчмө жеке кабыл алды

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар жер, билим берүү маселелери, таза суу менен камсыз кылуу, ички жолдорду оңдоо, электр энергиясы жана башка турмуштук мааниге ээ болгон көйгөйлөр боюнча кайрылышты. Ар бир кайрылуу кылдат каралып, көтөрүлгөн маселелерди мыйзамдын талаптарына ылайык өз мөөнөтүндө чечүү боюнча тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмалар берилди. Район башчысы-аким жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл бурулуп, ар бир маселеге мыйзамдын негизинде так жана өз убагында чара көрүлүшү зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле эл менен тыгыз иш алып баруу жана алардын көйгөйлөрүнө ыкчам жооп кайтаруу мамлекеттик органдардын негизги багыттарынын бири экенин айтты. Көчмө жеке кабыл алуулар калк менен түз байланыш түзүүгө, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн жеринде угууга, ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп эсептелет

20260804
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин Сузак районунун айыл аймактарына жана Көк-Жаңгак шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында түзүлгөн иш-чаралар планынын аткарылышы талкууланды

Сузак райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин Сузак районунун айыл аймактарына жана Көк-Жаңгак шаарына жасаган иш сапарынын жыйынтыгында түзүлгөн иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча 2026-жылдын 4-августунда жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө иш-чаралар планына киргизилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына конкреттүү милдеттер жүктөлдү жана иш-чаралар планынын ар бир пунктунун өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо боюнча жетекчилерге көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Жыйындын жыйынтыгында иш-чаралар планында белгиленген милдеттерди өз мөөнөтүндө аткаруу, көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан иш-чаралар планынын аткарылышы туруктуу көзөмөлгө алынып, белгиленген милдеттердин сапаттуу жана өз убагында ишке ашырылышы боюнча иштер улантылат.

IMG 20260730 WA0015
Жаңылыктар

2026-жылдын 30-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар милдеттер белгиленди

2026-жылдын 30-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар милдеттер белгиленди Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жана коррупциянын алдын алуу багытындагы иштер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Аталган тапшырмаларга ылайык, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына төмөнкү негизги багыттар боюнча иштерди күчөтүү милдеттендирилди: Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Этика кодексинин талаптарын кызматкерлерге үзгүлтүксүз түшүндүрүү; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-майындагы “Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” № 181 Жарлыгын аткарууга алуу; кызматтык маалыматтарды жана жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоо талаптарын так сактоо, кызматтык маалыматтарды расмий эмес интернет-ресурстарга жайгаштырууга жол бербөө; мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маалыматтарды расмий веб-сайттар жана расмий социалдык баракчалар аркылуу гана жарыялоо; жарандардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун камсыз кылуу жана персоналдык маалыматтарды мыйзамсыз жайылтууга жол бербөө; кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, жаңы дайындалган кызматкерлер тарабынан декларацияларды өз убагында толтурууну камсыз кылуу; мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык этикасын, жүрүм-турум маданиятын жана коомчулук менен иш алып баруу жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүү; документ жүгүртүүнү «Инфодокс» электрондук тутуму аркылуу өз убагында жүргүзүү жана аткаруучулук тартипти күчөтүү; коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын негизинде натыйжалуу алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуу; жарандардын кайрылууларын жеринде кароо, көйгөйлөрдү ыкчам чечүү жана көчмө кабыл алууларды уюштуруу; мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары, расмий сайттар жана социалдык тармактар аркылуу үзгүлтүксүз жеткирүү; айыл өкмөттөрүнүн административдик имараттарына Face ID системасын белгиленген мөөнөттө орнотуу; расмий веб-сайттардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана маалыматтарды өз убагында жаңыртып туруу; коррупциянын алдын алуу, этика комиссияларынын ишмердүүлүгү жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтарды коомчулукка ачык жарыялап туруу; мамлекеттик буюртманын алкагындагы окууларга, квалификацияны жогорулатуу курстарына жана семинарларга кызматкерлердин өз убагында катышуусун камсыз кылуу; «Санарип аймак» маалыматтык системасынын «ЖӨБ паспорту», «ЕРМИ» жана «ИЖС» модулдарындагы маалыматтарды толуктап, алардын актуалдуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу. Белгиленген бардык тапшырмалардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилигине жүктөлдү.

IMG 20260730 WA0008
Жаңылыктар

Жарандардын көйгөйлөрүнө ыкчам көңүл бурулууда

2026-жылдын 31-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович тарабынан жарандарды кабыл алуу күнү өткөрүлүп, С.Атабеков айыл аймагынын Мундуз айылынын тургуну Ж. Ормонованын жер маселеси боюнча кайрылуусунун негизинде жаранды жеке кабыл алды. Жолугушууга С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы, анын орун басары жана тиешелүү адистер катышып, кайрылууда көтөрүлгөн «Боор-Таш» аймагындагы мамлекеттик фонддун жер тилкеси боюнча маселе кеңири талкууланды. Кайрылууну кароонун жыйынтыгында, аталган жер тилкеси аукцион өткөрүлгөнгө чейин бош калбашы жана эгин айдалбай калбашы үчүн айыл тургундарына бир жылдык убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга берилгени түшүндүрүлдү. Ошондой эле Мундуз жана Ширин айылдарындагы мамлекеттик фонддун жерлерин тактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын иши ушул жылдын күзүндө түшүм жыйноо аяктагандан кийин улантылары белгиленди. Тактоо иштери бүткөн соң жер тилкелери мыйзам талаптарына ылайык ачык электрондук аукционго коюлары маалымдалды. Жыйындын соңунда район акими С.Атабеков айыл өкмөтүнө мамлекеттик фонддун жерлерин толук тактоо, электрондук каттоого алуу жана мыйзам талаптарына ылайык пайдаланууну камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Мындан тышкары, комиссиянын ишинде жаралган маселелер боюнча райондук мамлекеттик администрация тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү белгиленди. Аталган кайрылуунун аткарылышы жана кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жеке көзөмөлүнө алынды.

IMG 20260724 WA0059
Жаңылыктар

2026-жылдын 24-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясы өтүп, бир катар маанилүү маселелер каралды

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясында райондун 2026-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, 2026-жылдын 3-кварталына коюлган милдеттер, ошондой эле бир катар уюштуруучулук жана аткаруучулук тартипке байланыштуу маселелер каралды. Коллегиянын жүрүшүндө Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү талданып, биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштер, жетишилген жыйынтыктар жана алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу багыттар боюнча милдеттер белгиленди. Тиешелүү жетекчилерге 2026-жылдын 3-кварталында экономиканын тармактарын өнүктүрүү, социалдык объектилердин ишин жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү жана калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды. Ошондой эле Сузак жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндө “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, протоколдук тапшырмаларынын жана башка жогорку органдардын тапшырмаларынын аткарылышы боюнча аткаруучулук тартиптин абалы каралды. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, жарандардын кайрылууларын кароодо мыйзам талаптарын так сактоо, жооптуу жетекчилердин ишин күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин 2026-жылдын май айында Сузак районунун тургундары менен өткөргөн элдик жыйындарынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн иш-чаралардын аткарылышы талкууланды. Белгиленген маселелерди чечүү боюнча жооптуу жетекчилерге конкреттүү милдеттер коюлду. Коллегиянын соңунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 2-жарым жылдыгында өтө турган коллегиялык отурумдарында каралуучу маселелер бекитилди. Отурумга Сузак районунун айыл өкмөт башчылары, Көк-Жаңгак шаарынын мэри, айыл өкмөттөрдүн жооптуу катчылары, Көк-Жаңгак шаарынын аппарат жетекчиси, социалдык маселелер боюнча адистер, социалдык-экономикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери, муниципалдык ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештердин төрагалары жана жооптуу катчылары, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагасы жана жооптуу катчысы, ошондой эле райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Коллегиянын жыйынтыгында каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жетекчилерге белгиленген милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

1533700947 bezimeni 1
Жаңылыктар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруу-тескөө иштерин өркүндөтүү боюнча милдеттер белгиленди

2026-жылдын 24-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы уюштуруу-тескөө иштеринин абалы каралып, документ жүгүртүү, аткаруучулук тартип жана санариптик башкаруу системаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар милдеттер белгиленди. Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талданып, электрондук документ жүгүртүү системаларын натыйжалуу пайдалануу, аткаруу тартибин күчөтүү жана мыйзам талаптарын так сактоо боюнча, «Санарип аймак» маалыматтык системасынын модулдарын толук жана актуалдуу маалыматтар менен камсыз кылуу, муниципалдык мүлктү инвентаризациялоо, маалыматтык системанын техникалык иштөөсүн жакшыртуу, жооптуу адистердин квалификациясын жогорулатуу жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

IMG 20260717 WA0023
Жаңылыктар

2026-жылдын 16-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясы Сузак РИИБ менен биргеликте “Чайна рейлвей интернешнл” ЖЧКнын жетекчилиги жана кызматкерлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мекеме-ишканаларынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү

Бардык жаңылыктар

2026-жылдын 2-сентябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын конференция залында район тургундарынын көп жылдан бери чечилбей келе жаткан жана айрым учурларда чыр-чатакка айланган көйгөйлүү маселелерин мыйзам чегинде кароо максатында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 21-июлундагы №198-т тескемеси менен түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте маселелерди мыйзам чегинде чечүүнүн жолдорун аныктоо, ошондой эле көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөрдү жөнгө салуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү. Жумушчу топтун иши Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 30-июнундагы көчмө кеңешменин №31-8723 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук коргоо, коопсуздук, прокуратура жана сот органдары менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин 2026-жылдын 27-июлунда өткөргөн жыйынынын 28-июлдагы №44 протоколдук тапшырмаларын аткарууга багытталган. Мындан тышкары, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-майындагы №181 «Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын талаптарын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү. Отурумдун жүрүшүндө 8 арыз каралып, жарандардын кайрылууларында көтөрүлгөн маселелер тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланып, ар бир көйгөй боюнча мыйзам талаптарына ылайык чечүү жолдорун аныктоо, жооптуу мекемелерди белгилөө жана аткаруу мөөнөттөрүн көзөмөлгө алуу маселелери каралды. Сузак райондук мамлекеттик администрациясы мындан ары да жарандардын кайрылууларын өз убагында кароого, көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө жана мамлекеттик органдардын калк менен натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылууга багытталган иштерди улантат.

Толугураак
Толугураак
Толугураак

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар айыл чарба багытындагы жерлер, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, майыптуулугу бар жарандарды санаторийдик-курорттук дарыланууга жолдомо менен камсыз кылуу жана башка социалдык-тиричилик маселелери боюнча кайрылышты. Ар бир кайрылуу өзүнчө каралып, көтөрүлгөн маселелерди колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык өз убагында чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү. Район башчысы – аким жарандардын ар бир кайрылуусу дыкат каралышы керектигин белгилеп, көтөрүлгөн маселелер мыйзам чегинде ыкчам жана натыйжалуу чечилиши зарылдыгын баса көрсөттү. Ошондой эле калк менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, алардын көйгөйлөрүнө өз убагында жооп кайтаруу мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири экенин билдирди. Көчмө жеке кабыл алуулар жергиликтүү тургундар менен түз байланыш түзүүгө, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн жеринде угууга, ошондой эле актуалдуу маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.

Толугураак

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген