2026-жылдын 15-октябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо боюнча жумушчу топтун жетинчи отуруму өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө 10 жарандын жалпы 15 кайрылуусу каралды. Анда жер жана турак жай документтерин мыйзамдаштыруу, таза суу менен камсыздоо, ички жолдорду оңдоо жана асфальттоо, көпүрөнүн абалын жакшыртуу, бала бакча жана музыкалык мектеп куруу, жол коопсуздугун камсыздоо, жер тилкелерине байланыштуу укуктук маселелер, турак үйлөргө кенемте төлөө жана үй-бүлөлүк чыр-чатак боюнча кайрылуулар угулду.
Көтөрүлгөн маселелер каралып, аларды чечүү жолдорун аныктоо жана жарандардын кайрылууларына мыйзам чегинде жооп берүү боюнча иштер жүргүзүлөт.











