Акыркы жаңылыктар

WhatsApp Image 2026 09 22 at 17.17.46
Жаңылыктар

Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Д.С. Кулубаев 2026-жылдын 22-сентябрында Барпы айыл аймагынын тургундарын көчмө жеке кабыл алды.

Кабыл алуунун жүрүшүндө 13 жаран тарабынан жалпы 21 маселе көтөрүлдү. Жарандар негизинен таза суу жана сугат суу менен камсыздоо, электр энергиясы, жайыт маселеси, суу насосторуна байланышкан көйгөйлөр, скважина казуу, паспорттук кызмат көрсөтүүлөр жана башка социалдык-инфраструктуралык маселелер боюнча кайрылышты. Жарандардын ар бир кайрылуусу тиешелүү тармактар тарабынан көзөмөлгө алынып, маселелерди чечүү жолдору каралды. Тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилип, көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы көзөмөлгө алынаары белгиленди. Көчмө жеке кабыл алуунун негизги максаты - Кыргыз Республикасынын Президентинин 23.05.2026-ж. №181 “Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу жана жарандар менен түздөн-түз байланыш түзүп, жергиликтүү көйгөйлөрдү жеринде аныктоо жана аларды чечүүгө багытталган иштерди күчөтүү.

Кулубаев Дамир Садырбекович

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким

Кулубаев Дамир Садырбекович

Ишеним телефону: 03748- 5-00-75

E-mail: info@suzak.gov.kg

Расмий каттар жана кайрылуулар үчүн

Жооптуу адам: Узбекова Сыргайым Топчубековна

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүмдүн адиси

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча кызмат адамы – аппарат жетекчиси

Т.Б.Калбаев

Снимок экрана 2026 04 11

Пикир калтырыңыз

Урматтуу жарандар! QR-кодду сканерлеп, биздин уюмдун ишине баа берип, пикир калтыры ңыздар.

Акыркы жарыялар

Вакансиялар

Апрель 13, 2026

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандыккызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик улукжана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандыккызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгына ылайык административдик мамлекеттик улукжана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин

Доолборлор

495387522 1260971816035126 8805080265119672699 n
Долбоорлор
Аткарылууда
Сузак районунун Багыш айыл аймагында Эл аралык «Жалал-Абад» аэропортунун курулушу активдүү жүрүп жатат. Долбоор өлкөнүн түштүк аймагындагы негизги авиа хабды түзүүгө багытталган.
Республикалык бюджет
Белгисиз сом
Багыш айыл аймагы Ленин айылы
2027-жыл
Image006
Долбоорлор
Аткарылууда
Сузак районундагы Төбөй айылында 120 орундуу бала бакчанын курулушу жүргүзүлүүдө. Бул долбоор мектепке чейинки билим берүү тармагын чыңдоого, жаш балдар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.
Инвесторлор
91,2 млн сом
Төбөй айылы, Сузак району
Август
Image001
Долбоорлор
Аткарылууда
Сузак районунун Багыш айыл аймагында жайгашкан №9 И. Мичурин атындагы орто мектеп үчүн 750 орундуу жаңы заманбап имараттын курулушу жүргүзүлүүдө. Бул долбоор билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталып, окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнү максат кылат.
Республикалык бюджет
451,2 млн сом
Багыш айыл аймагы, Сузак району
Октябрь

Документтер

Фото-видеогаллерея

Фото

Видео

Мамлекеттик сайттарга шилтемелер

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген