2026-жылдын 26-мартында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары райондун активине тааныштырылды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Касымалиев тарабынан чыгарылган тескемеге ылайык, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары болуп Жантороев Барчынбек Азатбекович дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчини Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси М.Б. Базылбеков райондун активи менен тааныштырып, алдыдагы ишине ийгиликтерди каалады.


