Чек ара аскер кызматы — мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана элдин коопсуздугун коргогон эң жооптуу жана ардактуу кызматтардын бири. Чек арачылар күнү-түнү мекен чегинде күзөттө туруп, тынчтык менен туруктуулукту камсыз кылып келишет. Алардын эрдиги, кайраттуулугу жана мекенге болгон чексиз сүйүүсү жаш муундар үчүн чоң үлгү болуп саналат.
Бүгүнкү күндө жаштарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо мамлекеттин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Жаштардын мекенчилдик сезимин күчөтүү, улуттук баалуулуктарды урматтоого үндөө жана жоопкерчиликтүү жаран катары калыптандыруу — коомдун келечеги үчүн өтө маанилүү.





