Сузак районунун Багыш айыл аймагында өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон ири инфраструктуралык долбоорлордун бири — Эл аралык «Жалал-Абад» аэропортунун курулушу активдүү уланууда.
Долбоордун жалпы аянты 381 гектарды түзүп, ал аймактагы транспорттук логистиканы өнүктүрүүгө жана эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк ачат.
Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп, негизги этаптар ийгиликтүү аткарылууда:
- ✦ Учуу-конуу тилкеси жана перрон боюнча топурак иштери 80%га аткарылды
- ✦ Аэровокзал комплексинин курулушу активдүү жүрүүдө
- ✦ Терминал имараты экинчи кабатка чейин көтөрүлдү
Жаңы аэропорт заманбап талаптарга жооп берген, архитектуралык жактан өзгөчөлөнгөн жана жогорку деңгээлдеги комфортту камсыз кылган авиа хаб катары курулууда.
Инфраструктурада эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берген алдыңкы технологиялар колдонулат. Бул долбоор региондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, инвестиция тартууга жана туристтик потенциалды жогорулатууга чоң салым кошот.



