2026-жылдын 21-сентябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо боюнча жумушчу топтун бешинчи отуруму өткөрүлдү.
Отурумдун жүрүшүндө Сузак районунун аймагындагы жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелер каралып, тиешелүү мамлекеттик органдар жана айыл өкмөттөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтар берилди.
Атап айтканда, Канжыга айылындагы кооптуу аймакта жайгашкан турак жайларга тиешелүү жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, Кара-Жыгач айлындагы 2022-жылы сел коркунучуна байланыштуу бөлүнүп берилген жер тилкелеринин менчик укугун таанытуу, Октябрь айылындагы үлүш жерине байланыштуу укуктук маселе, ошондой эле Кашка-Терек айылындагы сатып алынган жер тилкесине байланыштуу соттук чечим жана каттоо маселелери талкууланды.
Көтөрүлгөн маселелер боюнча жооптуу мамлекеттик органдарга жана айыл өкмөттөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жарандардын кайрылууларын мыйзам чегинде кароо боюнча иштер улантылат.








