Кабыл алуунун жүрүшүндө 13 жаран тарабынан жалпы 21 маселе көтөрүлдү. Жарандар негизинен таза суу жана сугат суу менен камсыздоо, электр энергиясы, жайыт маселеси, суу насосторуна байланышкан көйгөйлөр, скважина казуу, паспорттук кызмат көрсөтүүлөр жана башка социалдык-инфраструктуралык маселелер боюнча кайрылышты.
Жарандардын ар бир кайрылуусу тиешелүү тармактар тарабынан көзөмөлгө алынып, маселелерди чечүү жолдору каралды. Тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилип, көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы көзөмөлгө алынаары белгиленди.
Көчмө жеке кабыл алуунун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин 23.05.2026-ж. №181 “Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу жана жарандар менен түздөн-түз байланыш түзүп, жергиликтүү көйгөйлөрдү жеринде аныктоо жана аларды чечүүгө багытталган иштерди күчөтүү.







