Жарандардын кайрылууларын кароо боюнча жумушчу топтун отуруму өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.51

2026-жылдын 5-ноябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо боюнча жумушчу топтун сегизинчи отуруму өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө 16 жарандын жалпы 18 кайрылуусу каралды. Анда жер тилкелерин алуу, мыйзамдаштыруу, жайыттарды бошотуу, инфраструктуралык долбоорлорго байланыштуу кенемте (компенсация) төлөтүү боюнча кайрылуулары каралды. Жыйында жарандардын чечилбей келе жаткан жер маселелери, мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынган объектилердин ордун толтуруу жана мыйзамсыз токтомдорду жоюу сыяктуу көйгөйлөрү талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн ар бир кайрылуу жана арыз тиешелүү айыл өкмөттөрүнүн жана мекемелердин кароосуна жиберилип, жергиликтүү тургундардын мыйзамдуу укуктарын коргоо, кенемте төлөө мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу жана келип чыккан көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.51 (8)
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.51 (7)
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.51 (6)
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.51 (5)
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.51 (4)
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.51 (3)
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.51 (2)
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.51 (1)
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.51
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.51
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.50 (2)
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.50 (1)
WhatsApp Image 2026 11 06 at 14.48.50

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген