2026-жылдын 13-майында саат 10:00до Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К.Текебаев Көк-Арт айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга Жалал-Абад облустук, Сузак райондук мекеме, ишканаларынын жетекчилери, жергиликтүү тургундар, жалпы 260 адам катышты.
Жолугушуу учурунда жол, таза суу, сугат суу, жайыт, жер, бала бакча, мектеп көйгөйлөрү, саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Жалпы 46 жаран тарабынан 83 маселе көтөрүлдү.