Сузак районунда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

668187435 939450472029309 1258387574437671847 n

9-апрель күнү Сузак райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө кодексинин”, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын аткаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында жолугушуу өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Жалал-Абад облусунун прокурору Т.К. Ишеналиев тарабынан бекитилген графиктин негизинде уюштурулду.

Иш-чара Барпы айыл аймагындагы №71 “Н.Алыкулов” атындагы орто мектебинин жыйындар залында өтүп, ага жергиликтүү тургундар жана айыл аймактагы бардык мектептердин 9–11-класстарынын окуучулары катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Катышуучуларга мыйзам талаптары тууралуу кеңири маалымат берилип, укуктук маданиятты жогорулатуу маселелери талкууланды.

Мындай иш-чаралар мындан ары дагы улантылмакчы.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген