Бүгүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы “Жениш” паркында 7-апрель Элдик революция күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кулубаев Дамир Садырбекович, ошондой эле райондук мекеме-ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын алкагында 7-апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине гүл коюлуп, куран окулду. Катышуучулар алардын эрдигин эскерип, урмат-сый көрсөтүштү.
Мындай иш-чаралар тарыхый окуяларды унутпай, келечек муунга жеткирүүдө жана патриоттук тарбия берүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.




