Жергиликтүү тургундардын кайрылууларынын негизинде бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер каралып, тиешелүү жетекчилерге жана жооптуу кызматкерлерге конкреттүү тапшырмалар берилди.
Атап айтканда, айыл ичиндеги жолдорду оңдоо жана кеңейтүү, көчөлөрдү ирээтке келтирүү, таза суу менен камсыз кылуу, скважиналарды чечүү, электр энергиясына байланыштуу маселелерди жөнгө салуу, мектептердин абалын жакшыртуу жана кошумча окуу жайларын уюштуруу боюнча маселелер каралды.
Көтөрүлгөн маселелердин ар бири боюнча жооптуу тараптар аныкталып, тиешелүү иштерди өз убагында аткаруу жана жыйынтыгы боюнча маалымат берүү милдеттендирилди.
Негизги максат — жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн этап-этабы менен чечип, айылдардын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык абалын жакшыртуу.




