2026-жылдын 18-майында саат 10:00до Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К.Текебаев Атабеков айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга Жалал-Абад облустук, Сузак райондук мекеме, ишканаларынын жетекчилери, жергиликтүү тургундар, жалпы 250 адам катышты.
Жолугушуу учурунда жол, таза суу, сугат суу, жайыт, жер, бала бакча, мектеп, спорттук аянттарды куруп берүү маселелери көтөрүлдү.
Жалпы 53 жаран тарабынан 92 маселе көтөрүлдү.