Жарандардын көйгөйлөрүнө ыкчам көңүл бурулууда

IMG 20260730 WA0008

2026-жылдын 31-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович тарабынан жарандарды кабыл алуу күнү өткөрүлүп,   С.Атабеков айыл аймагынын Мундуз айылынын тургуну Ж. Ормонованын жер маселеси боюнча кайрылуусунун негизинде жаранды жеке кабыл алды.

Жолугушууга С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы, анын орун басары жана тиешелүү адистер катышып, кайрылууда көтөрүлгөн «Боор-Таш» аймагындагы мамлекеттик фонддун жер тилкеси боюнча маселе кеңири талкууланды.

Кайрылууну кароонун жыйынтыгында, аталган жер тилкеси аукцион өткөрүлгөнгө чейин бош калбашы жана эгин айдалбай калбашы үчүн айыл тургундарына бир жылдык убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга берилгени түшүндүрүлдү.

Ошондой эле Мундуз жана Ширин айылдарындагы мамлекеттик фонддун жерлерин тактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын иши ушул жылдын күзүндө түшүм жыйноо аяктагандан кийин улантылары белгиленди. Тактоо иштери бүткөн соң жер тилкелери мыйзам талаптарына ылайык ачык электрондук аукционго коюлары маалымдалды.

Жыйындын соңунда район акими С.Атабеков айыл өкмөтүнө мамлекеттик фонддун жерлерин толук тактоо, электрондук каттоого алуу жана мыйзам талаптарына ылайык пайдаланууну камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Мындан тышкары, комиссиянын ишинде жаралган маселелер боюнча райондук мамлекеттик администрация тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Аталган кайрылуунун аткарылышы жана кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жеке көзөмөлүнө алынды.

IMG 20260730 WA0005
IMG 20260730 WA0008
IMG 20260730 WA0007

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген