Күн тартибинде каралган маселелерге ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы №807 токтомунун талаптарын аткаруу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, административдик тоскоолдуктарды кыскартуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, натыйжалуулугун жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды күчөтүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 токтомунун талаптарына ылайык муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө бекитилген базалык реестрдин талаптарын так сактоо, кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамдарга ылайык уюштуруу жана алардын сапатына туруктуу мониторинг жүргүзүү милдеттендирилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы №362 токтомунун талаптарын аткаруу максатында кызматкерлер арасында кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, аны өз убагында аныктоо жана мыйзам талаптарына ылайык жөнгө салуу боюнча түшүндүрүү иштерин системалуу жүргүзүү, ошондой эле кызматкерлер тарабынан тиешелүү декларациялоо жана маалымдоо милдеттеринин аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этика кодексинин талаптарын так сактоо, кызматтык этиканын принциптерин бекем кармануу, жарандар менен иш алып барууда кесипкөйлүктү, мыйзамдуулукту, сылык-сыпаалыкты жана жоопкерчиликти камсыз кылуу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү милдеттендирилди.



