“Чернобыль апаатынын 40 жылдыгына” карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү

WhatsApp Image 2026 04 27 at 14.34.46 (4)

Бүгүн, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы “Жеңиш” паркында “Чернобыль апаатынын 40 жылдыгына” карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.А. Жантороев, акимдин орун басары А.С. Сансызбаева, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле Чернобыль апаатынын катышуучулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышышты.
Эскерүү иш-чарасында гүлчамбарлар коюлуп, радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине катышып мезгилсиз дүйнөдөн кайткан эр азаматтардын жаркын элесине куран окулду.
Иш-чаранын 2-бөлүгү Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында улантылып, катышуучуларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө концерттик программа тартууланып, ыраазычылык катар тапшырылып, материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген