Сузак районунун аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалды жакшыртуу боюнча жарыяланган 3 айлыктын алкагында айыл аймактарда ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликке райондогу бардык мекеме-ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты.
Берилген тапшырмаларга ылайык райондун аймагындагы бак-дарактарды актоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле парктар, эс алуу жайлары, көчөлөр жана мамлекеттик мекемелердин айланалары иретке келтирилди.
Мындан сырткары ар бир айыл аймактарда көчөттөр отургузулуп, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ишембиликти жогорку деңгээлде өткөрүү максатында атайын техникалар бөлүнүп, катышуучулар керектүү шаймандар менен камсыздалып, тиешелүү кызматтар тарабынан иштер активдүү алып барылды.



