2026-жылдын 14-майында саат 10:00до Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу окүлү Т.К.Текебаев Кыз-Көл айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга Жалал-Абад облустук, Сузак райондук мекеме, ишканаларынын жетекчилери, жергиликтүү тургундар, жалпы 220 адам катышты.
Жолугушуу учурунда жол, таза суу, сугат суу, жайыт, жер, бала бакча, мектеп, азык-түлүк коопсуздугу, таштанды таштоочу жайлар боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрулдү.
Жалпы 40 жаран тарабынан 87 маселе көтөрулдү.