Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылында муниципалдык мал базарынын курулуш иштери башталды.
Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 94 млн 880 миң сом өлчөмүндө, жылдык 1 пайыздык бюджеттик кредит бөлүнгөн. Мал базарын курууга 12 гектар жер тилкеси каралган.
Сузак районунун акими курулуш иштери менен таанышып, долбоордун жүрүшүнө көңүл бурду. Учурда курулуш иштери жүргүзүлүп, тиешелүү иштер уланууда.
Муниципалдык мал базарынын ишке кириши менен мал соодасын иретке келтирүүгө жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.


