Бүгүн, 23-июнь күнү, Сузак районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Дамир Садырбекович Кулубаев, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарып, көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен айырмаланган бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды.








