Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович 2026-жылдын 4-августунда Кара-Дарыя айыл аймагынын тургундарын көчмө жеке кабыл алды

IMG 20260804 WA0080

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар жер, билим берүү маселелери, таза суу менен камсыз кылуу, ички жолдорду оңдоо, электр энергиясы жана башка турмуштук мааниге ээ болгон көйгөйлөр боюнча кайрылышты.

Ар бир кайрылуу кылдат каралып, көтөрүлгөн маселелерди мыйзамдын талаптарына ылайык өз мөөнөтүндө чечүү боюнча тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмалар берилди.

Район башчысы-аким жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл бурулуп, ар бир маселеге мыйзамдын негизинде так жана өз убагында чара көрүлүшү зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле эл менен тыгыз иш алып баруу жана алардын көйгөйлөрүнө ыкчам жооп кайтаруу мамлекеттик органдардын негизги багыттарынын бири экенин айтты.

Көчмө жеке кабыл алуулар калк менен түз байланыш түзүүгө, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн жеринде угууга, ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп эсептелет.

IMG 20260804 WA0070
IMG 20260804 WA0071
IMG 20260804 WA0072
IMG 20260804 WA0073
IMG 20260804 WA0074
IMG 20260804 WA0076
IMG 20260804 WA0077
IMG 20260804 WA0079
IMG 20260804 WA0079
IMG 20260804 WA0080
IMG 20260804 WA0082
IMG 20260804 WA0083
IMG 20260730 WA0015

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген