Акыркы жаңылыктар

IMG 20260805 WA0044
Жаңылыктар

Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович 2026-жылдын 5-августунда Көк-Арт айыл аймагынын тургундарын көчмө жеке кабыл алды

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар айыл чарба багытындагы жерлер, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, майыптуулугу бар жарандарды санаторийдик-курорттук дарыланууга жолдомо менен камсыз кылуу жана башка социалдык-тиричилик маселелери боюнча кайрылышты. Ар бир кайрылуу өзүнчө каралып, көтөрүлгөн маселелерди колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык өз убагында чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү. Район башчысы – аким жарандардын ар бир кайрылуусу дыкат каралышы керектигин белгилеп, көтөрүлгөн маселелер мыйзам чегинде ыкчам жана натыйжалуу чечилиши зарылдыгын баса көрсөттү. Ошондой эле калк менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, алардын көйгөйлөрүнө өз убагында жооп кайтаруу мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири экенин билдирди. Көчмө жеке кабыл алуулар жергиликтүү тургундар менен түз байланыш түзүүгө, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн жеринде угууга, ошондой эле актуалдуу маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.

IMG 20260804 WA0080
Жаңылыктар

Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович 2026-жылдын 4-августунда Кара-Дарыя айыл аймагынын тургундарын көчмө жеке кабыл алды

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар жер, билим берүү маселелери, таза суу менен камсыз кылуу, ички жолдорду оңдоо, электр энергиясы жана башка турмуштук мааниге ээ болгон көйгөйлөр боюнча кайрылышты. Ар бир кайрылуу кылдат каралып, көтөрүлгөн маселелерди мыйзамдын талаптарына ылайык өз мөөнөтүндө чечүү боюнча тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмалар берилди. Район башчысы-аким жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл бурулуп, ар бир маселеге мыйзамдын негизинде так жана өз убагында чара көрүлүшү зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле эл менен тыгыз иш алып баруу жана алардын көйгөйлөрүнө ыкчам жооп кайтаруу мамлекеттик органдардын негизги багыттарынын бири экенин айтты. Көчмө жеке кабыл алуулар калк менен түз байланыш түзүүгө, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн жеринде угууга, ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп эсептелет

Кулубаев Дамир Садырбекович

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким

Кулубаев Дамир Садырбекович

Ишеним телефону: 03748- 5-00-75

E-mail: info@suzak.gov.kg

Расмий каттар жана кайрылуулар үчүн

Жооптуу адам: Узбекова Сыргайым Топчубековна

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо түзүмдүк бөлүмдүн адиси

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча кызмат адамы – аппарат жетекчиси

Т.Б.Калбаев

Снимок экрана 2026 04 11

Пикир калтырыңыз

Урматтуу жарандар! QR-кодду сканерлеп, биздин уюмдун ишине баа берип, пикир калтыры ңыздар.

Акыркы жарыялар

Вакансиялар

Апрель 13, 2026

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандыккызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик улукжана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандыккызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгына ылайык административдик мамлекеттик улукжана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин

Доолборлор

495387522 1260971816035126 8805080265119672699 n
Долбоорлор
Аткарылууда
Сузак районунун Багыш айыл аймагында Эл аралык «Жалал-Абад» аэропортунун курулушу активдүү жүрүп жатат. Долбоор өлкөнүн түштүк аймагындагы негизги авиа хабды түзүүгө багытталган.
Республикалык бюджет
Белгисиз сом
Багыш айыл аймагы Ленин айылы
2027-жыл
Image006
Долбоорлор
Аткарылууда
Сузак районундагы Төбөй айылында 120 орундуу бала бакчанын курулушу жүргүзүлүүдө. Бул долбоор мектепке чейинки билим берүү тармагын чыңдоого, жаш балдар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.
Инвесторлор
91,2 млн сом
Төбөй айылы, Сузак району
Август
Image001
Долбоорлор
Аткарылууда
Сузак районунун Багыш айыл аймагында жайгашкан №9 И. Мичурин атындагы орто мектеп үчүн 750 орундуу жаңы заманбап имараттын курулушу жүргүзүлүүдө. Бул долбоор билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталып, окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнү максат кылат.
Республикалык бюджет
451,2 млн сом
Багыш айыл аймагы, Сузак району
Октябрь

Документтер

Фото-видеогаллерея

Фото

Видео

Мамлекеттик сайттарга шилтемелер

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген