Сузак  райондук прокуратурасыадам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында мыйзамдардын аткарылуусуна карата прокурордук көзөмөлдү күчөтөт.

IMG 20260727 WA0019

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-бер. ылайык, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт, ошондой эле кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат, соттук териштирүүгө катышат, соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана конституциялык мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат.

Алсак, кылмыштар тууралуу арыздар билдирүүлөр тергөө органына келип түшкөн жана катталган учурдан тартып көзөмөлгө алынып, кылмыш иштери жана тергөөгө чейинки текшерүү материалдары боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугу өз учурунда текшерилип турат.  

Тактап көрсөткөндө, 2026-жылдын 6 айында Сузак районунун ИИБде КБРнын маалыматты каттоо журналына 2272 материал катталып, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жапы 315 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 13 өзгөчө оор кылмыш иштери болуп саналат.

Райондун аймагында катталган өзгөчө оор кылмыш иштерди бөлүп караганда: адам өлтүрүү – 1, ден соолукка оор залал келтирүү – 4,  зордуктоо – 4, Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер – 2, алдамчылык – 1, каракчылык – 1.

Аталган кылмыш иштер боюнча райондук прокуратура тарабынан тергөө органдарына тийиштүү көрсөтмөлөр жана атайын багыттамалар берилип, кылмыш иш козголгондон акыркы чечим кабыл алынганга чейин тергөөчүлөр тарабынан кабыл алынган токтомдор тыкыр көзөмөлгө алынып келет.

Жогорудагы кылмыш иштер боюнча тергөө аракеттери Сузак РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп, тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен прокурор тарабынан айыптоо  актысы бекитилип, негизинен кароо үчүн соттун кароосуна жөнөтүлүп, айыпталуучуларга карата сот тарабынан эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү соттук актылар кабыл алынган.

Мисалы, Сузак районунун тургуну З.К. аттуу жаран 03.01.2026-жылы  саат 19:55 чамаларында Сузак районунун Сузак айылында аялы Х.Ш. менен кызганычтын айынан сɵз талашып уруша кетишип, аны жерге жыгып, колу менен муунтуп, аны мыкаачылык менен ɵлтүрүү максатын ɵзү менен кошо алып келген ашкана бычагын колуна алып, маркум Р.к.Т. кɵкүрɵк тушуна  13 жолу кайталап сайгылап мыкаачылык менен ɵлтүргɵн. Натыйжада жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден ɵзүнɵ келбей каза болгон.

Аталган факты боюнча Сузак РИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 122-бер. 2-бөл. 7-п. менен (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү З.К. аттуу жаран кармалып, жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен 27.025.2026-жылы айыбы угузулуп, негизинен кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилген. Сузак райондук сотунун 26.05.2026-жылдагы өкүмү менен З.К. аттуу жаран КР КЖКнын 122-бер.2-б.7-п. менен күнөөлүү деп табылып 13 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Бүгүнкү күндө прокуратура тарабынана жарандардын Конституция тарабынан корголгон укуктары боюнча мыйзамдарынын сакталышы боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп, бул багытта прокурордук көзөмөл иштери күчөтүлө бермекчи.

Урматтуу жарандар, эгерде жасалган же даярдалып жаткан кылмыштарга күбө болсоңуздар, ал боюнча кайдыгер карабай токтоосуз түрдө укук коргоо органдарына кабар берүүңуздөрдү сурайбыз!!!

IMG 20260727 WA0019

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген