Акыркы жарыялар
IMG 20260727 WA0019
Жарыялар

Сузак  райондук прокуратурасыадам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында мыйзамдардын аткарылуусуна карата прокурордук көзөмөлдү күчөтөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-бер. ылайык, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт, ошондой эле кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат, соттук териштирүүгө катышат, соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана конституциялык мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат. Алсак, кылмыштар тууралуу арыздар билдирүүлөр тергөө органына келип түшкөн жана катталган учурдан тартып көзөмөлгө алынып, кылмыш иштери жана тергөөгө чейинки текшерүү материалдары боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугу өз учурунда текшерилип турат.   Тактап көрсөткөндө, 2026-жылдын 6 айында Сузак районунун ИИБде КБРнын маалыматты каттоо журналына 2272 материал катталып, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жапы 315 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 13 өзгөчө оор кылмыш иштери болуп саналат. Райондун аймагында катталган өзгөчө оор кылмыш иштерди бөлүп караганда: адам өлтүрүү – 1, ден соолукка оор залал келтирүү – 4,  зордуктоо – 4, Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер – 2, алдамчылык – 1, каракчылык – 1. Аталган кылмыш иштер боюнча райондук прокуратура тарабынан тергөө органдарына тийиштүү көрсөтмөлөр жана атайын багыттамалар берилип, кылмыш иш козголгондон акыркы чечим кабыл алынганга чейин тергөөчүлөр тарабынан кабыл алынган токтомдор тыкыр көзөмөлгө алынып келет. Жогорудагы кылмыш иштер боюнча тергөө аракеттери Сузак РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп, тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен прокурор тарабынан айыптоо  актысы бекитилип, негизинен кароо үчүн соттун кароосуна жөнөтүлүп, айыпталуучуларга карата сот тарабынан эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү соттук актылар кабыл алынган. Мисалы, Сузак районунун тургуну З.К. аттуу жаран 03.01.2026-жылы  саат 19:55 чамаларында Сузак районунун Сузак айылында аялы Х.Ш. менен кызганычтын айынан сɵз талашып уруша кетишип, аны жерге жыгып, колу менен муунтуп, аны мыкаачылык менен ɵлтүрүү максатын ɵзү менен кошо алып келген ашкана бычагын колуна алып, маркум Р.к.Т. кɵкүрɵк тушуна  13 жолу кайталап сайгылап мыкаачылык менен ɵлтүргɵн. Натыйжада жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден ɵзүнɵ келбей каза болгон. Аталган факты боюнча Сузак РИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 122-бер. 2-бөл. 7-п. менен (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү З.К. аттуу жаран кармалып, жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен 27.025.2026-жылы айыбы угузулуп, негизинен кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилген. Сузак райондук сотунун 26.05.2026-жылдагы өкүмү менен З.К. аттуу жаран КР КЖКнын 122-бер.2-б.7-п. менен күнөөлүү деп табылып 13 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Бүгүнкү күндө прокуратура тарабынана жарандардын Конституция тарабынан корголгон укуктары боюнча мыйзамдарынын сакталышы боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп, бул багытта прокурордук көзөмөл иштери күчөтүлө бермекчи. Урматтуу жарандар, эгерде жасалган же даярдалып жаткан кылмыштарга күбө болсоңуздар, ал боюнча кайдыгер карабай токтоосуз түрдө укук коргоо органдарына кабар берүүңуздөрдү сурайбыз!!!

1533700947 bezimeni
Жарыялар

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгынын талаптарын аткарылышы боюнча иш-чаралар

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар мыйзамдуулукту, ак ниеттүүлүктү, калыстыкты, калыс чечим кабыл алууну, ачык-айкындуулукту жана коомдун ишенимин бекемдөөгө багытталган этикалык жүрүм-турум принциптерин так сактоого милдеттүү. Мамлекеттик кызматтагы жогорку этикалык маданият, мыйзамдуулук жана жоопкерчилик – натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун жана жарандардын ишенимин бекемдөөнүн негизги кепилдиги болуп саналат. Мындан ары да Кыргыз Республикасынын Президентинин №171 Жарлыгынын талаптарын толук жана сапаттуу аткаруу, кызматтык этиканын ченемдерин бекем сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана мамлекеттик кызматка болгон коомдук ишенимди арттыруу багытындагы иштер улантылат.

Бардык жарыялар
Август 17, 2026

Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин 23.05.2026-ж. №181 “Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2026-жылдын 18-августунда саат 10:00-12:00 гө чейин Кыз-Көл айыл аймагынын тургунудары менен Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн имаратында көчмө жеке кабыл алуу өткөрөт.

Толугураак
Август 4, 2026

Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин 23.05.2026-ж. №181 “Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2026-жылдын 5-августунда саат 14:00 дө Көк-Арт айыл аймагынын тургунудары менен Көк-Арт айыл өкмөтүнүн имаратында көчмө жеке кабыл алуу өткөрөт.

Толугураак
Август 3, 2026

Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кулубаев Дамир Садырбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин 23.05.2026-ж. №181 “Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2026-жылдын 4-августунда саат 14:00-16:00 гө чейин Кара-Дарыя айыл аймагынын тургунудары менен Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн имаратында көчмө жеке кабыл алуу өткөрөт.

Толугураак
Июль 27, 2026

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-бер. ылайык, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт, ошондой эле кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат, соттук териштирүүгө катышат, соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана конституциялык мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат. Алсак, кылмыштар тууралуу арыздар билдирүүлөр тергөө органына келип түшкөн жана катталган учурдан тартып көзөмөлгө алынып, кылмыш иштери жана тергөөгө чейинки текшерүү материалдары боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугу өз учурунда текшерилип турат.   Тактап көрсөткөндө, 2026-жылдын 6 айында Сузак районунун ИИБде КБРнын маалыматты каттоо журналына 2272 материал катталып, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жапы 315 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 13 өзгөчө оор кылмыш иштери болуп саналат. Райондун аймагында катталган өзгөчө оор кылмыш иштерди бөлүп караганда: адам өлтүрүү – 1, ден соолукка оор залал келтирүү – 4,  зордуктоо – 4, Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер – 2, алдамчылык – 1, каракчылык – 1. Аталган кылмыш иштер боюнча райондук прокуратура тарабынан тергөө органдарына тийиштүү көрсөтмөлөр жана атайын багыттамалар берилип, кылмыш иш козголгондон акыркы чечим кабыл алынганга чейин тергөөчүлөр тарабынан кабыл алынган токтомдор тыкыр көзөмөлгө алынып келет. Жогорудагы кылмыш иштер боюнча тергөө аракеттери Сузак РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп, тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен прокурор тарабынан айыптоо  актысы бекитилип, негизинен кароо үчүн соттун кароосуна жөнөтүлүп, айыпталуучуларга карата сот тарабынан эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү соттук актылар кабыл алынган. Мисалы, Сузак районунун тургуну З.К. аттуу жаран 03.01.2026-жылы  саат 19:55 чамаларында Сузак районунун Сузак айылында аялы Х.Ш. менен кызганычтын айынан сɵз талашып уруша кетишип, аны жерге жыгып, колу менен муунтуп, аны мыкаачылык менен ɵлтүрүү максатын ɵзү менен кошо алып келген ашкана бычагын колуна алып, маркум Р.к.Т. кɵкүрɵк тушуна  13 жолу кайталап сайгылап мыкаачылык менен ɵлтүргɵн. Натыйжада жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден ɵзүнɵ келбей каза болгон. Аталган факты боюнча Сузак РИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 122-бер. 2-бөл. 7-п. менен (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү З.К. аттуу жаран кармалып, жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен 27.025.2026-жылы айыбы угузулуп, негизинен кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилген. Сузак райондук сотунун 26.05.2026-жылдагы өкүмү менен З.К. аттуу жаран КР КЖКнын 122-бер.2-б.7-п. менен күнөөлүү деп табылып 13 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Бүгүнкү күндө прокуратура тарабынана жарандардын Конституция тарабынан корголгон укуктары боюнча мыйзамдарынын сакталышы боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп, бул багытта прокурордук көзөмөл иштери күчөтүлө бермекчи. Урматтуу жарандар, эгерде жасалган же даярдалып жаткан кылмыштарга күбө болсоңуздар, ал боюнча кайдыгер карабай токтоосуз түрдө укук коргоо органдарына кабар берүүңуздөрдү сурайбыз!!!

Толугураак
Июнь 26, 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар мыйзамдуулукту, ак ниеттүүлүктү, калыстыкты, калыс чечим кабыл алууну, ачык-айкындуулукту жана коомдун ишенимин бекемдөөгө багытталган этикалык жүрүм-турум принциптерин так сактоого милдеттүү. Мамлекеттик кызматтагы жогорку этикалык маданият, мыйзамдуулук жана жоопкерчилик – натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун жана жарандардын ишенимин бекемдөөнүн негизги кепилдиги болуп саналат. Мындан ары да Кыргыз Республикасынын Президентинин №171 Жарлыгынын талаптарын толук жана сапаттуу аткаруу, кызматтык этиканын ченемдерин бекем сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана мамлекеттик кызматка болгон коомдук ишенимди арттыруу багытындагы иштер улантылат.

Толугураак
Апрель 23, 2026

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы Сузак айыл аймагынын Сасык-Булак участкасынын №16 контурундагы мамлекеттик менчикте турган 2,0 га өнөр жай алдындагы жер аянтына конкурс жарыялайт. Максатуу багыт: Өндүрүш багыты. Пайдалануунун максаты: Өндүрүштүк бышык кыш заводун куруу. Конкурс өткөрүлүүчү күн: 25.05.2026-жыл саат- 10:00 Убактылуу пайдалануу мөөнөтү: 49 жыл Кепилдик төлөмү: 3200 сом. Ижара акысы: 31 950 сом 1 айга. Байланыш дареги: Сузак райондук мамлекеттик администрациясы 3-кабат № 303 каана. Тел (03748) 5-07-41

Толугураак

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген