Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 14-августундагы № 01-23/229 буйругун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкарууга байланыштуу бузуулардын реестри боюнча отчеттуулуктун формасы бекитилген.
Аталган буйруктун талаптарына ылайык, тиешелүү отчеттуулук белгиленген тартипте жүргүзүлүп, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча маалыматтар системалуу түрдө чагылдырылат.
Бул иш мамлекеттик жана муниципалдык кызматта ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана кызыкчылыктардын кагылышуусун натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга багытталган.