2026-жылдын 24-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы уюштуруу-тескөө иштеринин абалы каралып, документ жүгүртүү, аткаруучулук тартип жана санариптик башкаруу системаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар милдеттер белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талданып, электрондук документ жүгүртүү системаларын натыйжалуу пайдалануу, аткаруу тартибин күчөтүү жана мыйзам талаптарын так сактоо боюнча, «Санарип аймак» маалыматтык системасынын модулдарын толук жана актуалдуу маалыматтар менен камсыз кылуу, муниципалдык мүлктү инвентаризациялоо, маалыматтык системанын техникалык иштөөсүн жакшыртуу, жооптуу адистердин квалификациясын жогорулатуу жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
