Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында 2026-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 34 жылдыгына карата жана Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Ж. Сыдыкназаров, ошондой эле райондук аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары Ш. Атаканов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө улуттук баалуулуктарды даңазалоо, мамлекеттик символдорго болгон урмат-сыйды арттыруу жана кыргыз элинин салт-санааларын сактоо маселелери белгиленди.
Бул сыяктуу иш-чаралар мекенчилдик сезимди күчөтүүгө жана улуттук биримдикти бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.



