21-мартта Нооруз майрамы Багыш айыл аймагынын Кедей-Арык, Октябрьский-2 жана Сары-Булак айылдарында кеңири белгиленди.
Майрамдык саамалыкка жергиликтүү тургундар активдүү катышып, улуттук даамдар даярдалып, улуттук оюндар ойнотулуп, салттуу ыр-күүлөр жаңырып турду.
Иш-чаранын жүрүшүндө элге көтөрүңкү маанай тартууланып, биримдик жана ынтымак дагы бир жолу бекемделди.
Нооруз — жаңылануунун, жакшылыктын жана берекенин майрамы. Бул улуу майрам ар бир үйгө кут, ар бир жүрөккө жылуулук алып келсин.



