2026-жылдын 24-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясы өтүп, бир катар маанилүү маселелер каралды

IMG 20260724 WA0059

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясында райондун 2026-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, 2026-жылдын 3-кварталына коюлган милдеттер, ошондой эле бир катар уюштуруучулук жана аткаруучулук тартипке байланыштуу маселелер каралды.

Коллегиянын жүрүшүндө Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү талданып, биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштер, жетишилген жыйынтыктар жана алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу багыттар боюнча милдеттер белгиленди. Тиешелүү жетекчилерге 2026-жылдын 3-кварталында экономиканын тармактарын өнүктүрүү, социалдык объектилердин ишин жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү жана калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.

Ошондой эле Сузак жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндө “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, протоколдук тапшырмаларынын жана башка жогорку органдардын тапшырмаларынын аткарылышы боюнча аткаруучулук тартиптин абалы каралды.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, жарандардын кайрылууларын кароодо мыйзам талаптарын так сактоо, жооптуу жетекчилердин ишин күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин 2026-жылдын май айында Сузак районунун тургундары менен өткөргөн элдик жыйындарынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн иш-чаралардын аткарылышы талкууланды. Белгиленген маселелерди чечүү боюнча жооптуу жетекчилерге конкреттүү милдеттер коюлду.

Коллегиянын соңунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 2-жарым жылдыгында өтө турган коллегиялык отурумдарында каралуучу маселелер бекитилди.

Отурумга Сузак районунун айыл өкмөт башчылары, Көк-Жаңгак шаарынын мэри, айыл өкмөттөрдүн жооптуу катчылары, Көк-Жаңгак шаарынын аппарат жетекчиси, социалдык маселелер боюнча адистер, социалдык-экономикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери, муниципалдык ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештердин төрагалары жана жооптуу катчылары, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагасы жана жооптуу катчысы, ошондой эле райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Коллегиянын жыйынтыгында каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жетекчилерге белгиленген милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

IMG 20260724 WA0021
IMG 20260724 WA0023
IMG 20260724 WA0020
IMG 20260724 WA0060
IMG 20260724 WA0059

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген