2026-жылдын 17-ноябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясында райондун укук коргоо органдарынын жетекчилеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, райондук мекеме-ишканаларынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

WhatsApp Image 2026 11 17 at 13.49.06 (1)

Жыйында каралган маселелер:

1. Сузак районунун аймагында коомдук саясий абалдын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, улуттар аралык касташууларга жол бербөөгө карата чаралар жөнүндө.

2. 2026-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин Сузак районунун эли менен жолугушуусуна карата уюштуруу иштерин жүргүзүү жөнүндө.

3. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүнүн талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө.

4. Кыргыз Ресубликасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин талаптарын аткаруу жөнүндө.

5. 2026-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата уюштуруу иштерин жүргүзүү жөнүндө.

Жыйындын жүрүшүндө, Сузак районунун аймагында коомдук саясий абалдын туруктуулугун камсыз кылуу,  2026-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин Сузак районунун эли менен жолугушуусуна карата иш-чараларды аткаруу жөнүндө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этика нормаларын сактоо, коррупциялык мыйзам бузууларга жол бербөө, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата уюштуруу иштерин жүргүзүү жөнүндө маселелер каралып, талкууланып, аткаруу үчүн тапшырмалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерине жеткирилди.

WhatsApp Image 2026 11 17 at 13.49.07 (1)
WhatsApp Image 2026 11 17 at 13.49.07
WhatsApp Image 2026 11 17 at 13.49.06 (1)
WhatsApp Image 2026 11 17 at 13.49.06
WhatsApp Image 2026 11 17 at 13.49.05
WhatsApp Image 2026 11 17 at 13.49.04

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген