Жыйынга райондун укук коргоо органдарынын башчылары, айыл өкмөт башчылары, Көк-Жаңгак шаарынын мэри, райондук мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышып, Коррупцияга каршы күрөшүү багытында Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө маселе каралалып, төмөндөгү тапшырмалар берилди:
– калк арасында коррупциянын терс кесепеттери жана мыйзамда каралган жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-расмий веб-сайттарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда коррупцияга каршы багытталган маалыматтык материалдарды үзгүлтүксүз жарыялоо;
-мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана коомдук көзөмөлдү күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга багытталган натыйжалуу антикоррупциялык иш чараларды жүргүзүү ж.б. тапшырмалар.
Коррупция – кызматтык абалын, кызматтык ыйгарым укуктарын же аларга байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдү жеке кызыкчылык үчүн, анын ичинде мыйзамсыз материалдык же башка пайда табуу максатында пайдалануу болуп саналат. Мындай көрүнүш мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизип, мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимине доо кетирет.
Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги максаты – коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу, аларды болтурбоо, мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жана коомдо мыйзамдуулук менен чынчылдык принциптерин бекемдөө болуп саналат.
Коррупцияга каршы аракеттенүү – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана ар бир жарандын биргелешкен жоопкерчилиги.
Этика – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту, чынчылдыкты, ак ниеттүүлүктү, калыстыкты жана коомдун кызыкчылыгын жетекчиликке алган жүрүм-турум эрежелеринин жыйындысы болуп саналат.
Этикалык нормаларды так сактоо коррупциянын алдын алуунун негизги шарттарынын бири болуп эсептелет. Кызматтык милдеттерди аткарууда жеке кызыкчылыкты коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктан жогору коюуга, кызматтык абалды жеке пайда алуу үчүн пайдаланууга, кызыкчылыктардын кагылышына жол берүүгө жана мыйзамсыз артыкчылык алууга же берүүгө жол берилбейт.
Мамлекеттик кызматкердин жогорку кесиптик этикасы, ак ниеттүүлүгү, ачык-айкындуулугу жана жоопкерчилиги коомдун мамлекеттик органдарга болгон ишенимин бекемдеп, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга өбөлгө түзөт.



