Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар жер, билим берүү маселелери, таза суу менен камсыз кылуу, ички жолдорду оңдоо, электр энергиясы жана башка турмуштук мааниге ээ болгон көйгөйлөр боюнча кайрылышты.
Ар бир кайрылуу кылдат каралып, көтөрүлгөн маселелерди мыйзамдын талаптарына ылайык өз мөөнөтүндө чечүү боюнча тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Район башчысы-аким жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл бурулуп, ар бир маселеге мыйзамдын негизинде так жана өз убагында чара көрүлүшү зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле эл менен тыгыз иш алып баруу жана алардын көйгөйлөрүнө ыкчам жооп кайтаруу мамлекеттик органдардын негизги багыттарынын бири экенин айтты.
Көчмө жеке кабыл алуулар калк менен түз байланыш түзүүгө, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн жеринде угууга, ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп эсептелет.












