Сузак районунун Багыш айыл аймагында билим берүү тармагын өнүктүрүү алкагында ири социалдык долбоорлордун бири — №9 И. Мичурин атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу ишке ашырылууда.
Жаңы мектеп имараты 750 окуучуга ылайыкталган, заманбап талаптарга жооп берген класстар, лабораториялар, спорт зал жана башка керектүү шарттар менен камсыздалат.
Бул долбоор аймактагы билим берүү сапатын жогорулатууга, окуучулардын коопсуз жана ыңгайлуу шартта билим алышына чоң өбөлгө түзөт. Ошондой эле, эски имараттагы жүктөмдү азайтып, жаңы муундагы билим берүү инфраструктурасын түзүүгө багытталган.
Курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп, сапат көзөмөлү тиешелүү органдар тарабынан камсыздалууда.

