2026-жылдын 6-ноябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо боюнча жумушчу топтун тогузунчу отуруму өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө 14 жарандын жалпы 18 кайрылуусу каралды. Жарандардын кайрылууларында жеке менчик жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, чектеш аймактардагы жол жана социалдык объекттердеги талаш-тартыштар, ошондой эле мектепке ысым берүү, мурастык мүлктү каттоодогу юридикалык дал келбестиктер, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча маселелер каралды.
Анын жыйынтыгында, мүлк жана документ маселелери боюнча жарандарга укуктук жардам көрсөтүү, талаштуу жерлерди мыйзам чегинде териштирүү жана калыбына келтирүү милдеттери тийиштүү органдарга тапшырылды. Ал эми зордук-зомбулукка жана коркунучтарга кабылган тургундардын жеке коопсуздугун камсыз кылуу, жагдайды жеринде изилдеп, мыйзамдуу чара көрүү боюнча укук коргоо органдарына тапшырмалар берилди.






