Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясында райондун 2026-жылдын январь-сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттер, калкты жана социалдык объектилерди 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо, ошондой эле С. Атабеков, Сузак, Барпы жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндө аткаруучулук тартиптин абалы каралды.
Каралган маселелердин алкагында социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, күз-кыш мезгилине даярдыкты өз убагында камсыз кылуу, жарандардын кайрылууларын мыйзам талаптарына ылайык кароо жана жогорку органдардан берилген тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө, сапаттуу аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.






