2026-жылдын 7-октябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо боюнча жумушчу топтун алтынчы отуруму өткөрүлдү.
Жумушчу топтун отурумунда жарандардан түшкөн жер жана турак жай маселелери, таза суу жана сугат суу, электр энергиясы, жолдорду оңдоо, социалдык объектилер, ошондой эле документтерди тактоо жана мыйзамдаштыруу боюнча кайрылуулар каралды.
Жумушчу топтун мүчөлөрү ар бир кайрылууну өзүнчө карап чыгышты. Кайрылуулар боюнча тиешелүү жетекчилерге жана жооптуу мекемелерге тапшырмалар берилип, маселелердин аткарылышы көзөмөлгө алынды.





