2026-жылдын 11-сентябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Сузак районунун тургундары тарабынан көтөрүлүп келген көйгөйлүү маселелерин мыйзам чегинде кароо максатында мекемелер аралык жумушчу топтун үчүнчү отуруму өткөрүлдү.
Сузак районунун тургундары тарабынан көтөрүлүп келген көйгөйлүү маселелери каралып, жер тилкесин трансформациялоо боюнча документтерди даярдоо, Мундуз айылындагы жолго тротуар курууну бюджетке киргизүү, сугат арыгын калыбына келтирүү, Төш айылындагы жолду асфальттоо маселесин кароо, «Курманбек насос» станциясын суу чарба башкармалыгына өткөрүү жана жаранга паспорт алууга укуктук жардам көрсөтүү боюнча конкреттүү чаралар белгиленди.






