2026-жылдын 3-сентябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын конференция залында район тургундарынын көп жылдан бери чечилбей келе жаткан жана айрым учурларда чыр-чатакка айланган көйгөйлүү маселелерин мыйзам чегинде кароо максатында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 21-июлундагы №198-т тескемеси менен түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топтун экинчи отуруму болуп өттү.
Отурумда жалпы 6 кайрылуу тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралды. Кайрылуулардын алкагында жер маселелери, паспорт алуу жана мектептин аталышына байланыштуу маселелер талкууланды. Ар бир кайрылуу боюнча мыйзам чегинде чечүү жолдору аныкталып, тиешелүү жооптуу мекемелерге тапшырмалар берилди жана алардын аткарылышын белгиленген мөөнөттө көзөмөлдөө чаралары белгиленди.











