Сузак районунда көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлүү маселелер комиссияда каралды

IMG 20260902 WA0056

2026-жылдын 2-сентябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын конференция залында район тургундарынын көп жылдан бери чечилбей келе жаткан жана айрым учурларда чыр-чатакка айланган көйгөйлүү маселелерин мыйзам чегинде кароо максатында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 21-июлундагы №198-т тескемеси менен түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте маселелерди мыйзам чегинде чечүүнүн жолдорун аныктоо, ошондой эле көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөрдү жөнгө салуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү.

Жумушчу топтун иши Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 30-июнундагы көчмө кеңешменин №31-8723 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук коргоо, коопсуздук, прокуратура жана сот органдары менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин 2026-жылдын 27-июлунда өткөргөн жыйынынын 28-июлдагы №44 протоколдук тапшырмаларын аткарууга багытталган.

Мындан тышкары, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-майындагы №181 «Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын талаптарын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө 8 арыз каралып, жарандардын кайрылууларында көтөрүлгөн маселелер тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланып, ар бир көйгөй боюнча мыйзам талаптарына ылайык чечүү жолдорун аныктоо, жооптуу мекемелерди белгилөө жана аткаруу мөөнөттөрүн көзөмөлгө алуу маселелери каралды.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы мындан ары да жарандардын кайрылууларын өз убагында кароого, көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө жана мамлекеттик органдардын калк менен натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылууга багытталган иштерди улантат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген