Сузак району Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык майрамын салтанаттуу белгиледи!
Эгемендүүлүк- элибиздин эркиндигин, биримдигин жана мамлекеттүүлүгүн айгинелеген ыйык баалуулук. Бул күн ар бирибиз үчүн өлкөбүздүн өткөнүн сыймыктануу менен эскерип, келечекке ишенимдүү кадам таштоого дем берет.
Эгемен Кыргызстаныбыздын эртеңи кең, келечеги жарык болсун!
Элибиздин биримдиги бекемделип, мамлекетибиздин пайдубалы бекем болсун!
Эгемендүүлүк майрамыңыздар менен!





