Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин тапшырмасына ылайык, Сузак районунун борбордук аянтында азык-түлүк жарманкеси уюштурулду.
Жарманкенин негизги максаты – жергиликтүү дыйкан-фермерлердин өндүргөн продукцияларын түздөн-түз калкка жеткирип, азык-түлүктөрдү жеткиликтүү жана арзан баада сатууну камсыз кылуу. Ошондой эле калкты сапаттуу айыл чарба продукциялары менен камсыздап, эт азыктарына болгон бааны төмөндөтүүгө өбөлгө түзүү максат кылынууда.
Бекитилген графикке ылайык, мындан ары жарманкени жуманын белгиленген күндөрүндө үзгүлтүксүз уюштуруу иштери жүргүзүлөт.
Мындай иш-чаралар жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого, ортомчулардын санын азайтууга жана калкты жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыз кылууга багытталган.














