Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар айыл чарба багытындагы жерлер, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, майыптуулугу бар жарандарды санаторийдик-курорттук дарыланууга жолдомо менен камсыз кылуу жана башка социалдык-тиричилик маселелери боюнча кайрылышты.
Ар бир кайрылуу өзүнчө каралып, көтөрүлгөн маселелерди колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык өз убагында чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.
Район башчысы – аким жарандардын ар бир кайрылуусу дыкат каралышы керектигин белгилеп, көтөрүлгөн маселелер мыйзам чегинде ыкчам жана натыйжалуу чечилиши зарылдыгын баса көрсөттү. Ошондой эле калк менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, алардын көйгөйлөрүнө өз убагында жооп кайтаруу мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири экенин билдирди.
Көчмө жеке кабыл алуулар жергиликтүү тургундар менен түз байланыш түзүүгө, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн жеринде угууга, ошондой эле актуалдуу маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.








