2026-жылдын 30-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар милдеттер белгиленди

IMG 20260730 WA0015

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жана коррупциянын алдын алуу багытындагы иштер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Аталган тапшырмаларга ылайык, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына төмөнкү негизги багыттар боюнча иштерди күчөтүү милдеттендирилди:

  • Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Этика кодексинин талаптарын кызматкерлерге үзгүлтүксүз түшүндүрүү;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-майындагы “Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” № 181 Жарлыгын аткарууга алуу;
  • кызматтык маалыматтарды жана жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоо талаптарын так сактоо, кызматтык маалыматтарды расмий эмес интернет-ресурстарга жайгаштырууга жол бербөө;
  • мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маалыматтарды расмий веб-сайттар жана расмий социалдык баракчалар аркылуу гана жарыялоо;
  • жарандардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун камсыз кылуу жана персоналдык маалыматтарды мыйзамсыз жайылтууга жол бербөө;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, жаңы дайындалган кызматкерлер тарабынан декларацияларды өз убагында толтурууну камсыз кылуу;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык этикасын, жүрүм-турум маданиятын жана коомчулук менен иш алып баруу жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүү;
  • документ жүгүртүүнү «Инфодокс» электрондук тутуму аркылуу өз убагында жүргүзүү жана аткаруучулук тартипти күчөтүү;
  • коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын негизинде натыйжалуу алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуу;
  • жарандардын кайрылууларын жеринде кароо, көйгөйлөрдү ыкчам чечүү жана көчмө кабыл алууларды уюштуруу;
  • мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары, расмий сайттар жана социалдык тармактар аркылуу үзгүлтүксүз жеткирүү;
  • айыл өкмөттөрүнүн административдик имараттарына Face ID системасын белгиленген мөөнөттө орнотуу;
  • расмий веб-сайттардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана маалыматтарды өз убагында жаңыртып туруу;
  • коррупциянын алдын алуу, этика комиссияларынын ишмердүүлүгү жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтарды коомчулукка ачык жарыялап туруу;
  • мамлекеттик буюртманын алкагындагы окууларга, квалификацияны жогорулатуу курстарына жана семинарларга кызматкерлердин өз убагында катышуусун камсыз кылуу;
  • «Санарип аймак» маалыматтык системасынын «ЖӨБ паспорту», «ЕРМИ» жана «ИЖС» модулдарындагы маалыматтарды толуктап, алардын актуалдуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу.

Белгиленген бардык тапшырмалардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилигине жүктөлдү.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген