Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар мыйзамдуулукту, ак ниеттүүлүктү, калыстыкты, калыс чечим кабыл алууну, ачык-айкындуулукту жана коомдун ишенимин бекемдөөгө багытталган этикалык жүрүм-турум принциптерин так сактоого милдеттүү.
Мамлекеттик кызматтагы жогорку этикалык маданият, мыйзамдуулук жана жоопкерчилик – натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун жана жарандардын ишенимин бекемдөөнүн негизги кепилдиги болуп саналат.
Мындан ары да Кыргыз Республикасынын Президентинин №171 Жарлыгынын талаптарын толук жана сапаттуу аткаруу, кызматтык этиканын ченемдерин бекем сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана мамлекеттик кызматка болгон коомдук ишенимди арттыруу багытындагы иштер улантылат.