Окуучулардын ыңгайлуу шартта окуусун камсыз кылуу үчүн жаңы курулган кошумча корпус 90 орунга ылайыкталган.
Долбоор “Асанабил” кайрымдуулук фондунун жана Сузак райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулган.
Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баратбек Сыдыкназаров мектеп окуучуларын жана эмгек жамаатын түзүлгөн жаңы шарттар менен куттуктап, билим берүү тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык чараларды көрүү керектигин эскертти.