Главная Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгы
14
Мар
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгы
2025-жылдын 10-мартында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын аппараттык жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгы талкууланып, Жарлык менен бекитилген Уңгужолдун негизги багыттары, негизги таянымдар, максаты, милдеттери жана күтүлгөн жыйынтыктар, улуттук сыймык жана жарандык мекенчилдик, Кыргыз жаранынын негизги баалуулуктары талкууланып, Уңгужолдун принциптери менен иш алып баруу белгиленди.
Кыргыз Республикасы - мамлекет катары кыргыз элинин байыртан берки мамлекет куруу, аны башкаруу, коргоо жана өнүктүрүү жагынан жыйнаган тажрыйбаларынын түздөн-түз уландысы. Ар бир доордун өзүнүн сынчы, ойчул, даанышмандары болуп, алардын ой корутундулары жана элдин орток акылынан жаралган эпикалык мурастар, макал-лакап, учкул сөздөр, санат ырлар жана санжыралар кыргыз коомунун демин арттырып, келечекке туура багыт берүүчү уңгужол милдетин аткарып келген.
Уңгужолдун негизги максаты - мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу.
Жарандардын нарк талабына ылайык таалим-тарбияга, заманбап илим-билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу жана өнөр-кесип үйрөнүүсү үчүн үй-бүлө, коом жана мамлекет үчилтиги бирдей кам көрүүгө милдеттүү.