Райондун тарыхы.
Сузак районунун аталыш тарыхы негизинен терең изилденүүгө алына элек. Албетте, тарыхчылар тарабынан бул иштин башаты келечекте колго алынар деген үмүтөмүн. Ал эми, буга чейинки түрдүү басылмаларда жана архивдик материалдарда жазылып келген маалыматтарга таянып төмөнкү божомол, ой жоруларга токтолуп кетүүнү туура көрдүм. Жалалабадтагы белгилүү жазуучу, акын агабыз С. Стамкуловдун “Мезгил жана инсандар” (2009ж.) китебиндеги жазганы боюнча - "Сузак" деген энчилүү ат орто кылымдардан баштап белгилүү. Жергиликтүү калк көбүн эсе "Созок" деп аташат. Элдик жоромолдо "Суви зах", же "кайнак суу", "кайнар булак" деп аталып жүргөнү да маалым. Кээ бир аксакалдардын айтуусу боюнча "Су" дегени сууну, "Зак" дегени нымдуу жерди түшүндүрөт. Андыктан "Сузак" нымдуу, суулуу аймактын аталышы деген ой жорууга такалышат. Ал эми илимий негизде "Созок" орто кылымдагы ушул аймакта жашап өткөн кыргыз уруусунун атынан калган деген божомолдор бар. "Созок" уруусу учурда казактардын орто жүзүнө кирген чоң уруу катары да белгилүү. Сузак району байыркы көчмөн маданиятынын башка маданияттар менен көп жолу тогошкон, айтылуу Көк-Арт өрөөнүндө жайгашкан. Археологиялык, тарыхый, этнографиялык изилдөөлөр Көк-Арт өрөөнүндө адамдар байыртадан эле мекендеп келгени тастыктайт. Буга ата-бабаларыбыздан калган тарыхый, маданий мурастары далил боло алат. - деп берилет.
Ал эми, Ташкент мамлекетик Универститетинин профессору Ё. Хужамбердиевдин «Сузакнаама» китебиндеги жазгандары боюнча, Сузак аталышынын үч божомолуна токтолуп, ар бирин тыгыз изилдөөгө алып тыянагын келтирет. Мен дагы ушул жоромолдорго кыскача токтоло кетейин. Алар төмөнкүлөр:
1. Сузактык тарыхчы Собиржан Мозаитовдун аксакалдардан уккан жомогу боюнча, Илгери Даван мамлекети учурунда Өзгөн жана Касан шаарларында эки дос жашаган экен. Анын бирөөсү уулду болот. Бирок ал уулу апасынын эмчегин эмбей, апасына мусулмандыкты кабыл алыңыз, ошондо гана сүтүңүздү актайм дейт. Апасы ислам динин кабыл алат. Ал бала чоңойгондо аябай күчтүү жигит болуп, талаадагы бука, өгүз, кочкорлор менен сүзүшүп ойноп шогураак болуп өсөт. Жинине тийгендердин баарын сүзө коюп ээсин оодарган үчүн аны элдер Сүзөөк деп атап алышат. Сүзөк бой жеткенде атасы үйлөйүн десе эч ким кызын бербейт, жинди сүзүп өлтүрүп койот деп. Ошондо атасы, баласын алып Касандагы досуна барат. Ал досунун бойго жеткен кызы бар экен, ошонун колун сурайт. Досу да достукту кыйбай кызын берет Сүзөккө. Бирок, Сүзөк мындан ары эч кимге залал келтирбейм, эч кимди сүзбөйм деп сөз берет. Эки жашты үйлөшүп той топурун бүтүрүп, себин жүктөп кайра кайтып келе жатышып, алар азыркы Сузак айылы турган камыштуу токойдо түнөп калышат. Түнү эки жаш айды карап дөңсөөдө олтуруп, ушул жерде жашасак сонун болмок күңгөй жер, жанында сонун дарыя агат экен деп сүйлөшкөнүн атасы угуп калат да эртеси эки жашка батасын берип, көржерин таштап кетет. Ошонон баштап Сүзөк аялы менен ал жерде жашап, кийин аларды көргөн элдер көчүп келип биринчи айыл түтөлүп, атын биринчи жашап калган Сүзөктүн урматына Сузак деп коюшкан делет. Бирок, бул жөнөкөй апыртма жомок экенин автор өз эмгегинде белгилеп кетет. Мен дагы авторго кошулам. Анткени, биринчиден Даван мамлекети биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыктын аягында болгон деген маалыматтар кытай жазуусунда камтылган.
2. Камолиддин Гойибаевдин «Жалалабад тарыхы» эмгегинде азыркы Жалал-Абад шаары ал убакта Чек кыштак деп аталчуу экен. Кокон ханы Кудаярхан атайы айтылуу Аюб булакка келип, даары суусун ичип, зыярат кылганы келип турчу экен. Ошондой келген учурларынын биринде Кудаярхан Чек кыштакка жаңы башчы кылып Жалал деген ишенген нөөкөрүн шайлап кетет. Жалал эки тизгин бир чылбырды колуна алгандан кийин, Чек кыштакты өркүндөтүү үчүн Кокон, Анжиян, Өзгөндөн түрдүү усталарды алдырып, Мечит, чайкана, навайкана, базарларды курдурат. Элдерге канал каздырып суу чыгарып, бак эктирип, дыйканчылыкты жолго салат. – деп жазылат. Ушул жерден айтып кетүүчү нерсе, кыргыз тарыхчылары Т. Чоротегин менен Т. Өмүрбековдун «19-кылымдагы кыргыз тарыхы» эмгегинде, Жалал-Абад шаары түзүлө электе, ал жерлерге 17-кылымдын аягынан баштап кыргыздын Багыш урууларынын чоң тобу көчмөндүктөн олтурукташууга өтүп, алгачкы суу каналдарын түптөшүп дыйканчылыкты өнүктүргөн. 18-19-кылымдарда Ханабад, Жийде, Могол, Сузак, Жалалабад (Чек) айылдарынын айланасында көптөгөн кыргыз айылдары пайда болуп, Найман, Карабагыш, Тейит, Кыпчак, Могол жана башка кыргыз уруулары олтурукташып, дыйканчылыкка өтүшкөнү 21-бетинде жазылып турат.Кийин 1850-55-жылдар аралыгында Чек кыштак Жалал кыштак деп аталып, 1877-жылдары Жалал-Абад шаары пайда болгону жалпыга маалым. Бул жерде “Сузакнаама” китебинин автору жогоруда айтылгандарды эске алып жана С.Стамкуловдун “Ал эми илимий негизде "Созок" орто кылымдагы ушул аймакта жашап өткөн кыргыз уруусунун атынан калган деген божомолдор бар. "Созок" уруусу учурда казактардын орто жузуно кирген чоң уруу катары да белгилүү» -деп жазганын эске алып, мүмкүн Сузак кайсы бир адамдын же уруунун атына коюлгандыр дейт. Ал кыргызбы, казакпы, башкысы түрк тилдүү тамыры бир боордошторубуздун уруусу болушу мүмкүн деп жыйынтыктайт. Мүмкүн автор бул жерде тарыхчы С. Губаеванын “Фергана элдеринин19-кылымдагы этностук түзүмү” эмгегинде жазган Андижан облустунун Шахрихан районундагы Сузак айылы Фергана өрөөнүндө жашаган кыпчактардын “созок” уруусунан коюлган дегенин эске алууда. Бирок, бул дагы жомок. Анткени, менин билишимче кыпчактарда “созок” деген аталыштагы уруу жок. Ал эми казактардын “созок” уруусу дегенге өзүнчө токтолобуз.
3. Ал эми түштүк казакстандагы Туркестан облусундагы Сузак районуна биздин Сузак районунун аталышын байланыштырууга келсек. Өзбек аалымы Зафар Курбанали уулунун изилдөөлөрүндөгү Эгамберди Валижановдун айткан икаясын, автор жүйө келтирет. Тээ заманда казакстандагы Сузак айылын кыргыздар чаап ал ып, колго түшкөндөрүн азыркы биздин Сузакка алып келип жашаттырган экен. Кийин болсо, казак баатыры Балта эр жетип, кыргыздарды чаап, кайра элин көчүрүп кеткен, бирок эли жашаган жер алардын атына сузак деп аталып, учурдагы Сузак айылы пайда болгон делет. Негизинен, бул божомолго кошула албайм. Тарыхты карасак Балта баатыр 14-кылымдарда жашап, Темир аксактын аскер башчыларынын бири болгон делет. Аксак Темир ал убакта башка чакта чабышып жүргөн. Аны жана анын аскер башчыларын бул жерге аралаштыруу тарыхты бурмалагандык болуп калат. Казакстандагы Сузак районунун Сузак шаарчасынын тарыхы А. Бернштамдын археологиялык изилдөөлөрүнүн негизинде 6-кылымда пайда болгон деп жазылат. Биздин Сузак болсо алыс кетпей эле, кечеги 18-кылымдын аягында камыштуу, бадал токойго оронгон бош жер болуп, ал жерге кышкысын кыштоо үчүн Көк-Арт тоолорун жайлаган Багыш, Басыз, Мундуз урууларынын бийлери кыштап кетчү экен.
4. Эң акыркы жоромол «Сузакнаама» китебинде Казакстандагы Сузак районунун жашоочусу, ардагер мугалим Газихан Халикуловдун Сузак деген сөздүн, дегеле ошол Сузак жеринин аталып калышы жөнүндөгү жоромолуна токтолуусу. Анын айтуусунда ал жерде азыр да агып турган бир дары булак бар экен. Илгери ошол булактын жанына бир чал олтуруп алып, жолоочуларга “суу ичкиле, бул булактын суусу таза, муздак, ооруга шыпаа” деп кыйкырып олтура берчүү экен. Жолоочулар ичкенден кийин “Сөзүңүз ак экен” же “Ак сүйлөпсүз” дешкенинен “Сөз ак” өзбекче айтканда “ Суз хак” деген ылакап жабышкан делет. Эми бул жоромолду казакстандагы Сузак районунун жомокчуларынын өздөрүнө койолу.
Биз болсо, жогоруда өзүнчө сөз кылабыз деген жазуучу С.Стамкуловдун версиясына токтолсок. Ал киши өз эмгегинде “Ал эми илимий негизде "Созок" орто кылымдагы ушул аймакта жашап өткөн кыргыз уруусунун атынан калган деген божомолдор бар. "Созок" уруусу учурда казактардын орто жузуно кирген чоң уруу катары да белгилүү» - деп жазганын жогоруда башка авторлор да эске алганын жазып кеттик.
Мен болсо, өз акылымын жетишинче изилдеп көрдүм. Санжырачылардан сурасам кыргызда “созок” деген уруу болгон эмес экен. Ал эми казак тарыхын чукусак, казак тарыхчысы З. Садыбековдун жазган илимий эмгегинде “Казактар “улуу жүз”, “орто жүз”, “кичүү жүз” болуп үчкө бөлүнө электеги санжырасында Жайылхандан Узбекхан, андан үч бала, Казак, Сунак (Созак), Узак (Каракалпак) болгон делет. Башка булактарда болсо Узбекхан деген жок. Түз эле үчөө тең Жайылхандын экинчи аялынан деп берилет. Кандай болгондо да, алардын бул тарыхы боюнча карасак 5 кылым ары барып такалабыз да токтойбуз. Мүмкүн казактардын Сузак шаары, ошол атасынын атынан болгондур десек да жаңылышабыз. Анткени, казакстандагы Сузак шаарынын тарыхы 14 кылым мурун пайда болгонун жана эки сузактын байланышы жок экенин жогоруда жазып кеттик.
Эми жыйынтыктасак. Эл айтса, калп айтпайт дейт. Бирок, элдин ичинде билип айтканы, билбей айтканы да жок эмес. Мисалга, Көк-Арт дарыясы Сузактын серүүнүнө чыгып карасак, узундан узун болуп агып жатканын көрөсүң. Мүмкүн ушул көрүнүштү негиз кылып “Узун суу”, “Узак суу”, “Суу узак” деген сөздөрдөн чыкса керек дегендер бар. Болбосо, бул аталышты илгерки “Сактардын доору” менен байланыштырып, “Суу сак” суу сактары маанисинен чыккан дегендер да бар. Ал эми, мага жакыны көптөгөн изилдөөлөрдүн авторлору негиз кылган “Суу зак” деген божомол. Себеби, биздин Сузак айылы турган жер, илгертеден булактары да көп болуп, андан сырт Көк-Арт дарыясы жазда бир, жайда бир ташкындап ашып, ошол жерди дайыма суу каптап тургандыктан зак тартып, суу тартылбай “Суу зак” деп эл оозунда айтылып калса керек. Кандай болгондо да, райондун, дегеле биздин өрөөндүн орто кылымдардагы тарыхы келечекте терең изилдөөгө алынышы керек.
Сузак орус колониясынын тушунда.
1850-жылдары орус империясынын Орто Азияга болгон кызыгуусу күчөй баштайт. Анткени, орус падышачылыгынын Жети Суу губерниясынын алдында негизделген жашыруун экпедициялык топтор, Түштүк кыргызстандын аймагындагы жерлерди жана кендерди картага түшүрүп кетип турушкан. Ошол учурда Түндүк кыргызстандан айырмаланып, түштүк кыргызстанда англиялык чалгынчыларда активдүү жашыруун иштерди жүргүзүп келген. Андыктан түштүктөгү кыргыз бийлеринин ортосунда эки жактын саясатын жактырган чоң ажырым болгон. Жарымы Кокон хандыгы тандаган тарапта, жарымы түндүк кыргыздар тандаган жолду эп көргөн. Албетте, ошол учурдагы эл башчыларынын жүргүндө эгемен эл болуу мүдөсү ар биринде болгон болушу керек. Бирок, англия жана россия империясынын түпкү максаты Жети-суу өрөөнүнөн баштап Памирдин Каратегин өрөөнүнө чейинки элди, жери менен кошуп өз калониясына айлантуу болгон. Түштүк кыргызстандын Кашкарга чейинки жер картасы, кен байлыктарынын тизмеси, элин кантип чаап алуу боюнча түзүлгөн жашыруун долбору 1855-жылы эле орус Падышасынын алдында даяр турганын кыргыздар билген эмес. Ошол долбоор аздап ишке ашып олтуруп 1855-1867-жылдардын аралыгында, Кыргызстандын түндүгүндө жашаган кыргыз уруулары Орусия империясына каратылган.
Ал эми түштүктө 1865-жылы Ташкентти басып алган Орусия империясы Түркестан областын негиздейт. 1867-жылы Түркестан областы Түркестан генерал-губернаторлугу болуп кайра түзүлөт, 1876-жылы Кокон хандыгы жоюлуп, Орус падышачылыгы Фергана өрөөнүн толук өз башкаруусуна алат. Ошол эле жылдын августь айында, Орусия империясынын көрсөтмөсү менен, Курманжан датка Кокон хандыгынын жети шаарынын ачкычын Орусия империясына тапшырып, толук ыктыярдуу багынып бергенин билдирет. Кокон хандыгынын Орусия империясына ыктыярдуу багынып берүүсү, Орусия империясы үчүн Европанын астында өтө маанилүү саясат болгон. Ушундан улам орус саясатчылары иштеп чыккан, колониялык саясатынын биринчи жана негизги саясаты болгон, славяндаштыруу максаты кеңири жана узак болуп, ага стратегиялык маани берилген. 1886-жылы Орус империясынын, жергиликтүү элдердин баардык укуктарын чектеген жобосу чыккан. Жобонун 270-статьясы боюнча, Кыргызстанда жашаган көчмөн калктардын ээлеген жерлери мамлекеттик жерлер болуп саналган. Ошентип көчүрүлүп келген славян калктарына, каалаган жерлери берилүүгө тийиш болгон. Орусташтыруунун негизги каражаттарынын бири оторчулук саясаты эле. Ошондон баштап орус дыйкандары, кембагалдары көчүп келип, дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлерге отурукташып, жаңы айыл кыштактар пайда боло баштаган.
Ошол учурда Көк-Арт чөлкөмү Анжиян уездине карап, алгачкы орус колонизаторлорунун айыл-кыштактары 1890-жылдардан баштап пайда боло баштаган. Алар район аймагындагы Благовешенский, Спасское, Ивановка, Сафаровка, Дмитриевка, Архангельское, Семьхата, Атарвановка, Подгорное, Гавриловка жана Николаевка айылдары. Орус оторчулары жакшы жерлердин баарын ээлеп, кыргыздар өздөрү тоо арасында жайгашкан Үч-Малай, Кызыл-Кыя, Алчалуу-Булак, Ачы, Көгүчкөн, Көк- Жаңгак, Долоно Башат, Бугулуу, Маркай, Төлөк, Сары-Булак, Кызыл-Суу, Канжыга, Кең-Сай, Маркай, Төлөк сыяктуу тоолуу айылдарда жашашкан.
Алардын салык саясаты элди эзип, каршы чыккан эл баатырлары сүргүнгө айдалып турганы тарых барактарында чон тамгалар менен жазылып калды.
Сузак совет доорунда.
1917-жылы Россияда Октябрь революциясы болуп, падыша өкмөтүн кулатып, бийликке большевиктер партиясы башында турган, кедей-кембагалдардын Кеңеш өкмөтү келип, заман түп-тамырынан бери өзгөрөт.1924-жылдын 14-октябрында Түркстан Республикасы улутташып бөлүнгөндүктөн, Кара Кыргыз автономиялуу облусу түзүлөт. 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи болуп өзгөрөт.
Ал эми райондун түзүлүү тарыхы 1919-жылдын 4-октябрындагы Анжиян уездик революциялык комитетинин чечиминин негизинде Жалал-Абад революциялык комитети аталып, Сузак аймагы Жалал-Абад району болуп түзүлгөндөн башталат. Жалал-абад районунун борбору Жалал-Абад шаары болуп, ага ошол учурдагы Көк-Арт, Жалал-Абад, Чангет болуштуктары кирген.
1934-жылы Жалал-Абад (Сузак) районуна 24 селолук совет баш ийген, алар: Таштак, Ачы, Үч-татыр, Бек-Абат, Чөкө-Дөбө, Жийде, Сузак, Чаңгыр-таш, Ак-Мечит, Михайловск, Благовеүенск, Кызыл-Туу, Кош-Кечи, Багыш, Октябрь, Көк-Арт, Дмитревск, Архангельск, Кыз-Көл, Жылан-Темир, Бозон-Жолборс, Кара-Алма, Калмак-Кырчын селолук советтери Жалал-Абад шаардык жана Көк-Жаңгак поссовети болгон. Жалал-Абад районунун аймагы 676,896 га жерди түзүп, салыктагы эсептөө боюнча калктын саны 1934-жылы 64934 адам болгон. Ошол мезгилде Көк-Арт өрөөнүнүн түштүк бөлүгүндө, азыркы Сузактын жана Жалал-Абаддын тегерегинде өзбектер райондун калкынын 26 пайызын түзгөн. Калктын негизги массасы ошол учурда негизинен айылдарда жашашып, шаардыктар 18694 жанды түзүп, алардын 5656сы Көк-Жаңгак жумушчу поселкасында, 13000 жакыны Жалал-Абад шаарында жашашкан. Жалал-Абад районунан Көк-Арт району бөлүнүп чыкканга чейин Көк-Жаңгак кени Жалал-Абад районунун карамагында болгон.
1935-жылы 8-февралда Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун №8 “Райондорду ирилештирүү жөнүндө” токтомуна ылайык жаңыдан райондор түзүлгөн. Анын негизинде биздин аймакта Көк-Арт району түзүлүп, борбору Октябрь айылы болгон. Кийин 1935-жылы район экиге бөлүнүп, Көк-Арт району 12 айыл аймагы жана 1 шаар тибиндеги поселогу менен азыркы Октябрское айылында түзүлөт. Октябрь районунун карамагында Качкынчы, (Тайгараев) Багыш, Октябрь, Көк-Арт, Михайловка, Дмитриевка, Калмак-Кырчын, Кашка-Терек, Архангел, Кара-Алма, Жылан-Темир, Кыз-Көл айыл аймактары болгон. Райондун карамагында 38 колхоз болгон. 1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз Автономиялуу Республикасы Советтик Социалисттик Республика болуп калат.1937-жылы Көк-Арт району Октябрь району болуп которулат.
Жалал-Абад району болсо 1940-жылдын 21-ноябрында Сузак району болуп аталып, борбору Жалал-Абад шаарынан Сузак айылына көчүрүлөт. Сузак району түзүлгөндө 13 айылдык кеңеш жана 10 колхоз болгон. Алар: Ак-Мечит, Благовешенка, Жийде, Молотов, Таштак, Пахта-Абад, Чөкө-Дөбө, Бек-Абат, Кошкенчи, Кызыл-туу, Чаңгыр-Таш, Сузак, Дыйкан айыл аймактары болгон.
Октябрь жана Сузак райондору Жалал-Абад облусунун ири райондору болушкан.
Октябрь району (мурдагы Көк-Арт району) 1943-жылы 2040 чарчы метр аянтты ээлеген. Калкынын жалпы саны 27800 болгон. Райондун аймагында 35 колхозду бириктирген 12 сельсовет болгон. Райондун айдоо аянты 27382 га, ал эми колхоздорунда 7105 баш жылкы, 10551 баш ири мүйүздүү мал, 32458 кой-эчки, 1895 баш чочко, 9 төө, 1153 баш эшек болгон. Райондун аймагында жалпысы 97 трактору бар 2 МТС орун алып, жалпы токой аянты 48400 гектарды түзгөн. Райондо райпромкомбинат, промкооперациянын 2 артели, майыптар артели, 25 колхоздук тегирмен, кант заводу болгон. 42 мектеп болуп, аларда 3780 адам билим алышкан. 4 оорукана, 6 амбулатория, 6 врачтык-фельдшердик пункт,2 ясли, жалпысы 700 бала тарбиялаган 3 балдар үйү болгон.
Сузак району 1101 чарчы метр аянтты ээлеп, жалпысы 35000 адам жашаган. Карамагында 11 сельсовет болуп, алар 32 пахтачылык жана кызылчачылык колхоздорун бириктирген. Райондун айдоо аянты 25000 га, колхоздорунда 5634 баш жылкы, 8990 баш ири мүйүздүү мал, 32173 кой-эчки, 646 чочко, 69 төө, жана 1228 эшек болгон. Райондо 3 МТС болуп, аларда 289 трактор болгон. Райондогу 42 мектепте 4493 бала окуган, 3 оорукана, 4 амбулатория, 10 фельдшердик-амбулаторииялык жана акушердик пункттар, 3 ясли, 350 адамды тарбиялаган 2 балдар үйү иштеген.
1943-жылдын КРнын Жогорку Кеңешинин жарлыгы менен Көк-Жаңгак поселогу, Жалал-Абад облусунун карамагындагы шаарга айланат.
Ал эми 1944-жылы Ачы айылында Ачы району негизделип, курамына Октябрь районунан Кыз-Көл, Жылан-Темир, Базар-Коргон районунан Киров, Ачы, Могол сельсоветтери кирет. Кийин 1954-жылы Ачы району, 1959-жылы Октябрь району жоюлуп Сузак районунун курамына киргизилген.